Menu

Улукбек Маматаев, “Ак калпак” партиясынын лидери: “Мадумаровго кыргыз эли жакпаса, башка жактан өзүнө жаккан эл таап алсын!”

Бөлүшүү:

-Улукбек мырза, сиздер уюштурган Элдик курултайга карата коомчулукта ар кандай ойлор айтылууда. Кээ бир адамдар “бок-жин аралашкан, багыты жок жыйын болду”- деп айтса, айрымдар:“даана эл үнүн чагылдырган курултай өтту”- дешүудө. Сиздин оюңузча, курултай кыргыз элине эмне берди?

– Рахмат, атайын чакырып, суроо узатканыңыздарга. Албетте, эл болгондон кийин, ар кандай пикирлердин айтылышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан, баарына бир учурда жагыш кыйын, бул алардын эрки. Бирок, курултайды биз бирөөгө жагыш үчүн өткөзгөн жокпуз. Биздин негизги максат – элдин үнүн бийликке жеткизүүдө турду, аталышы айтып тургандай: “Кыргызстан – кечээ, бүгүн, эртең”- дегендей, өлкөбүздүн кечээ басып өткөн жолуна баа берип, учурдагы актуалдуу маселелерди талкуулап, келечек жолду тандоого   багыт алганбыз. Негизинен, курултай өз максатына жетти. Анткени, анын жүрүшүндө ар кандай багыттагы адамдар сөз алып сүйлөштү, бири-бирине карама-каршы келген пикирлер көп болду. Бул тарыхтан биз билген чыныгы элдик курултайды элестетип турду. Курултай институтунун эл келечеги үчүн пайдасы арбын экенин ушундан эле билсек болот. Көптөн бери элди сар-санаага салып келген “Кумтөр”, улуттук идеология, коррупцияга каршы күрөш, саясий туткундарды бошотуу сыякдуу маселелер боюнча курултайдын катышуучулары бирдиктүү позицияда болгону да кубантат. Андагы бардык сунуш-пикирлер президентке жөнөтүлдү. Кийинки жолугушуу убактысы айтылды. Менин оюмча, бийлик да бул убакыт аралыгында андагы айтылган нерселер боюнча конкреттүү кадамдарды көрөт болушу керек…

– Өткөндө“Санжыра”радиосунда курултайдын өтүшү боюнча талкуу болуп, саясатчы Адахан Мадумаров, депутаттар Жанар Акаев менен Кенжебек Бокоевдор бир сааттан ашуун убакыт сын-пикирлерин жаадырышты. Алардын ойлорун бириктирип айта турган болсок, сиздердин курултай бийликтин пайдасы үчун өткөн жыйындан айырмасы жок болуп, эч кандай кыйраткан деле ойлор айтылган эмес. Алар андан тышкары,“бул курултай бийлик менен соодалашуунун куралы болуп калды”- деген да пикирди билдиришти. Буга не дейсиз?

– Минтип эл алдына акылдуусунуп сүйлөп коюу кимдин гана колунан келбейт?! Бирок, элдин башын кооз сөздөр менен айлантаардан мурун, бул адамдар алгач өздөрүн күзгүдөн карап, “мен эл үчүн эмне кылдым?”- деген суроону берсе жакшы болот эле. Убакыт өтүп жатат, эртең караса эле алардын артында балдарына калтырган изи жок болуп чыгат. Сиз суроо берип калгандан улам, мен булардын ар биринин айткан кебине Элдик курултайдын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары катары комментарий бере кетейин.

Биринчиден, Адахан Мадумаров өз сөзүндө курултай бийлик менен соодалашуу, “мына биз барбыз, бизге көңүл бургула!”- деген тейде өткөнүн сүрөттөдү. А.Мадумаровдун кандай адам экенин элдин баары билет. Оозу менен орок оргондон башка колунан иш келбейт. Мына ал – төрт жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды, андан тышкары бийликтин жогорку тепкичтерин ээлеп келди, мамлекеттик катчы, спикерликти аркалады. Спикер болуп турган убагында Кыргызстанга зыяндан башка пайдасы болбоду, Казахстанга төрт пансионатты өткөзүп берүүгө салым кошту, Каркыра жайлоосу да анын тушунда ратификацияланып, коңшуларга берилип кетти. Мамлекеттик катчы болуп турганда идеология тармагында бир да жумуш жасаган жок, эл эсинде анын: “эл семирмейин, мен да семирбеймин”- деген гана популисттик сөзү калды. Курултай багытында анын заар сөзүн чачып сүйлөп чыкканында да мандем бар. Бул адам өзү башында туруп, 2016-жылы дал ушундай курултайды Орус драм театрында уюштурууну колго алган учурда, Мадумаров башкы докладчы катары жыйын башталганда келбей, баарын уяткарганы унутула элек. Ошондо эле ал курултай уюштуруу колунан кёлбей турганына көзү жеткен. Биз чуркап жүрүп уюштурсак, ичи күйүп кетти окшойт. Анан эле өзүн сүйлөсө укмуш адам көрсөтөт. Курултайга келип катышкан адамдардын да Мадумаров тууралуу ойлору көп. Мына карасаңар, ар дайым ал элди жийиркенип карап сүйлөйт, эмне болсо эле анын оюнча эл күнөөлүү. Шайлоолордон өзү, партиясы өтпөй калса эле элди “сатылды, көрөңгөсү тайыз”- дегендей маектерди берет. Башкасын мейли тек эле коелу, ой, Адахан Кимсанбаевич, сизди төрт жолу депутат кылган туулган жериңизге бир түп терек тигип койдуңуз беле? Сизди мынчалык көтөрмөлөгөн элден айлансаңыз болот! Ооз көптүрүп сүйлөгөндүн да чеги болот! Анын курултайга келе албагандыгынын дагы бир себеби бар. Эшер билсеңиз, ал апрель баатырларын “жырткычтар”, “наркомандар” катары мүнөздөгөн. Буга таарынган баатырлар да курултайга барарын билип, мурда айтан кебинен уялып, басып келе албай, минтип сасык сөздөрдү жайылтууда.

Сөз башында Мадумаровдун колунан иш келбейт дедик го. Бул сөздү учурунда журт башкарган Курманбек Бакиев айтып чыккан, “мына бакылдаган Мадумаровуңурга жумуш берип койсок, колунан эчтеке келбейт  экен”- деп. Адахан мырзага ошондуктан азыр айтып коюу милдет – элди күнөөлөй берген кемчонтойлукту токтотсун, эгерде ага кыргыз эли жакпаса, анда өлкөдөн чыгып кетип, башка жактан өзүнө жаккан эл таап алсын! Бирок кыргыз элин мындан ары шылдыңдашына жол бербейбиз! Чындыгын айтканда, Мадумаровдун азыркы арманы бир гана нерседе – бийликке катуу каршылык көрсөтүү менен өзүнө маянасы көп кызмат соодалап алуу. Атамбаевдин тушунда да көрбөдүкпү. Эртең бийлик жакшыраак сөөк ыргытып койсо – күчүккө окшоп шыйпаңдап жетип барат.

Экинчиден, Кенжебек Бокоев “курултайдын легитимдүүлүгүн караш керек”- деп өзүнүн юридикалык жактан билими тайыз экенин көрсөттү. Биз конституциялык укугубузду пайдаландык. Ал ушунчалык эле акылдуу экен, курултайга өзү келип, “силердин лигитимдүү эмес” – деп бетке айтпайт беле! Эч болбосо качып жүргөн лидери Бабанов тууралуу маселе көтөрсө болбойт беле! Мына, Текебаев, Салянова, Садыр Жапаров жөнүндө тарапташтары маселе көтөрүп айтып чыкты го. Конституцияда “бийликтин ээси – эл” деп жазылып турбайбы. Республиканын бардык бурчтарынан өкүлдөр шайланып келип катышты. Эгерде легитимдүү болбосо, анда эмнеге президент Сооронбай Жээнбеков аппараттан өкүл жиберип олтурат? Бокоев Бабанов бар кезде кыйын эле. Кийин билингендей, анда тилектештик дух жок экен, Бабановду парламенттен бир колдоп койгонго жарабады. Курултайга келип Бабанов маселесин көтөрсө болмок.

Башында ал Элдик курултайга келип, сөз сүйлөйүн деп жаткан. Анткени, “Курултай жөнүндө” биринчи окуудан кабыл алынган боюнча чаң басып жаткан мыйзамдын автору дал ушул Бокоев менен Каныбек Иманалиев болчу. Мына ушул туурасында түшүндүрмөсүн бермек. Бул мыйзамды убагында Атамбаевдер өткөзбөй койгон. Кийин эле Атамбаев курултайга келгенден баш тарткан соң, келгиси келбей, атүгүл андан кийин каршы сөзүн сүйлөп чыгып жатпайбы. Булардын багыты бирби? Атамбаев кечээ маегинде Бокоевдин шефин бекер колдоп чыкты дейсизби? Мына ушул бокоевдер, атамбаевдердин айынан курултай өткөзүүнүн тартиби жок бүгүн. Биз конституциялык укугубузду пайдаланып, өткөздүк. Бокоев менен Иманалиев келбесе да, курултайдын чечими менен, алар иштеп чыккан мыйзам “кабыл алынсын” таризде талапты койдук.

Үчүнчудөн, азыр элдин баары “жаш саясатчы”, “келечектүү бала” катары баа берип келаткан Жанар Акаевдин курултайга карата популисттик ыкмада каршы кеп айтып чыкканы мени абдан таң калтырды. Кыргызда жакшы макал бар: “атаңа кандай мамиле кылсаң, баландан көрөсүң”- деген. Ошол сыңары, анын курултайдын ашында турган саясатчыларга карата: “баягы эле эл тажап бүткөн эски саясатчылар чогулуп алыптыр”- деп атырылганы өкүнтө турган жорук. Жанар кечээ ким эле? Эгерде убагында Атамбаевге шыйпыңдап кызмат кылбаганда ал азыр депутат болуп олтурат беле? Зоболосун көтөрүп, депутаттыкка чейин жеткизген атасын заматта сатып кеткен адамга кандай мамиле кылыш керек? “Балашканы депутат кылдым эле…” деп Атамбаев  өкүнүп жүргөнүн билесиздер да? Буга караганда Карамушкина бийик болуп жатпайбы, ал элге жакпаган кеп айтып атканы менен, шефин саткан жок да? А бир саткан Жанар эртең кайра сатпайбы? Ал – өмүр бою сатат, өз келечегине балта чаап алды. Мына азыр ушинтип курултайга каршы чыгып жатат. Ошол эле кезде ал айрым маектеринен байкалгандай, эски шефине кайра жагынууга аракет жасоодо. Себеби, депутаттык мөөнөтү бүтсө, аны эч ким кабыл албайт. Ошондуктан, Атамбаевдин пресс-катчысы кызматына кайра баргысы келип жатса керек? Бирок, ал кызмат азыр бош эмес, Кундуз Жолдубаева бул балага караганда шефин сатпай, жакшы иштеп жатат.

Кошумча айта кетүү керек, ушул үч азамат кыйын экен, Элдик курултай өткөзүшсүнчү биригип алып, көрөлү. Жеке мен барат элем. Андыктан, колуңдан келбейби, тынч олтур. Дагы суроолор болсо, мен каалаган учурда, каерде болбосун, үчөө менен тең бул маселелер боюнча дебатка чыгууга даярмын!

– Улук мырза, сиз Саясий туткундарды коргоо комитетинин дагы мүчөсу катары бир нече жылдан бери иш алып баратасыз? Бүгүн коомчулукта Атамбаевдин тушунда сын-пикир үчүн камалып кеткен саясатчыларды боштондукка чыгаруу талабы күч. А бирок, негедир муз ордунан жылбай жатат го? Алардын арасында мисалы өзүңүз чогуу парламенттик шайлоого “Атамбаевсиз Кыргызстан! КСДПсыз парламент” урааны менен “Эгемен Кыргызстан” партиясынын туусу астында аттанган Б.Асанов, К.Кадыров, Э.Карыбековдор да бар. Кабар алып турасызбы?

– Атамбаев бийликте турган жылдарда ага ачык сын менен жүрөгүндө чыныгы мекенчил духу бар адамдар гана чыга алган. Себеби, адеп мисалы “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрүн камай баштагандан кийин, кыйынмын деген көп саясатчылар чээнге кире качышкан. Б.Асанов, Э.Карыбеков, К.Кадыров, андан кийин Б.Талгарбеков, Т.Колубаевдер атамбаевдик бийликтин ырайымсыздыгын, токтобогон коррупцияны ачык айтып чыкканы үчүн темир торго олтурушту. Бүгүн бул адамдардын айткандары толук далилденип жатпайбы! АША өзү актанган менен, анын тушунда миллиондорду кадимкидей уурдап жүрүшкөнү фактылары менен далилденди. Бүгүн кыргыз журту ошону убагында тайманбай айтып чыккан саясатчыларды боштондукка чыгарууну талап кылышууда. Бул талапка мен кошулам! Мына баарынын үстүнөн сот процесси кандай өткөнүнө башынан аягына чейин күбөмүн. Бир да далили жок, тек гана Ак үйдөн түшкөн тапшырманын негизинде камалып кетишти. Эртедир-кеч бул иштер боюнча акыйкаттык орнойт. Президенттин да бул адамдарга карата ою түз. Болгону ал, баарын мурдагыдай, Ак үйдүн тапшырмасы менен эмес, мыйзам чегинде болушун каалап жатат. Соттор да эми бул саясатчыларга бут тоспостур. Анткени, туура эмес чечим кабыл ала турган болсо, жаза катуу болорун жаңы бийлик улам эскертип жатпайбы!

Саясатта чогуу жүргөн Б.Асанов, К.Кадыров, Э.Карыбековдор тууралуу айтсам, ооба, кабар алып турам. Эн негизгиси, Атамбаев бийлиги алар-ды камаганы менен, эркин сындыра алышпады. Алар бул башка түшкөн балакетти жөн гана Жараткан жиберген убактылуу сыноо катары гана кабыл алып, олтурушат. Бул сыноо аларды бышырды, акылын пештеди. Келечектеги кадамдары үчүн жакшы касиеттерге ээ болушту.

Биз учурунда “Атамбаевсиз Кыргызстан! КСДПсыз парламент” ураанын көтөрүп чыкканда көбү ичинен колдоп турушканы менен, мындай нерсе бара-бара турмуш чындыгына айланып кетерине эч ким ишенгени эмес. Тагдырдын тамашасын караңыз, азыр бул ураанды КСДПчылар өздөрү көтөрүп, конференцияларды уюштурууда. Алмаз Атамбаевдин маегин көрдүңүздөр. Бийликке кайра келүүгө анын эки көзү төрт. Биз, кыргыз эли, ага жол беребизби? Качанкыга чейин атамбаевчилердин сөзү сөз болгон заманда жашайбыз? Ошол эле саясий туткундар маселесинен билесиздер, Атамбаев элди болушунча эзип, кыйнады. Кайра андай замандын келишине жеке мен каршымын!

Маектешкен: Автандил Белеков

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: