– Кесиптештериңиз Дастан Бекешов, Салайдин Айдаров «Шоро», «Тойбосс компанияларьш салыктан 80 пайызга чейин азайтуу керектигин сунуштап чыгышты. Эмнени негиз кылып жатышат алар?
– Бул эки компания тең менчик компаниялар. Аларга өзгөчө салык салынган жок. Эл катары төлөп келе жатышат. Демилгечилер эмненин негизинде буларды салыктан жеңилдетүү керектигин сурап жатышканы мага түшүнүксүз. «Улуттук ичимдиктер, улуттук тамактар, же атамекендик продукциялардан жасап жатышат» деген шылтоолору болбосо, андан башка негиз жок болсо керек. «Улуттук» деп бүжүрөп отурсак, «мектеп салынбайт», «айлык көтөрүлбөйт» деген наалымай суроолор дагы көбөйө берет. Андай болбойт, салык баарына бирдей болуш керек. Анда мамлекет буларды өз бала, калгандарын өгөй баладай мамиле кылган болбойбу? Бизнесмен улуттук өндүрүшчү болобу, алар өзүнчө нерселер менен сыйлансын. Мисалы, мамлекет тарабынан кандайдыр колдоолор болсун. Бирок, салык жагынан эмес. Бул маселе азырынча талкууга алынып чыга элек. Негизин угуп, анан ой-пикирлерибизди айтабыз.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ