Menu

Эл Баатырлары Мамакеев менен Жакиевдин сөздөрү Айтматовдун тоюна коошпой калганда

Бөлүшүү:

Жыл башынан бери баарыбыз дегдеп күткөн улуу жердешибиз, ааламдык жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык торколу тою кечээ улуттук филармонияда болуп өттү. Бул улутубуздун рух майрамына кандайдыр бир деңгээлде эл катары камданып жүргөн мен каадалуу эсепте чакыруу кагазы колумда болбосо да кайып-каскагынан дегендей катышып, ал тургай жакшынын жышааны менен атактуу «Ала-Тоо» тойканасында берилген сый тамакта көпчүлүккө табакташ болдум. Ушундан улам «улуу агабыздын арбак-руху айрымдар катары бизди да коштоп жүрөт окшобойбу» деген жышаналуу, жагымдуу ой да капилет келгенин кантип жашырууга болсун?

Салтанаттуу майрамда Өкмөт башчысы Мухамметкалый Абылгазиев улуу жазуучунун асыл ойлорунан мисал келтирүү менен ачып, ары жагын президент Сооронбай Жээнбеков улантты. Куттуктоо сөздөр кыска жана нуска айтылды. Андан ары жагын жалаң Айтматовдун өмүр жолу жана өчпөс чыгармаларынан алынган театралдашкан көрсөтүүлөр коштоду. Мында режиссер-коюучу Алтынбек Максүтовдун эмгегин баса белгилегибиз келет. Сахнадагы «жарк» эткен элестерди, образдарды карап отуруп, кадимкидей көздөн жаш кылгырды. Алтынбек мырза өзү да актёр катары Айтматовдук кайталангыс улуу образды көз алдыбызга тартканы эрдикке тете десек акыйкаттык болор.

Андан аркысы «Ала-Тоо» тойканасында жазуучунун арбагына куран түшүрүү менен башталып, ыр, күү жана куттуктоолор менен уланды. Адаттагыдай Эл Баатырлары наамындагы үлкөн байкелер Мамбет Мамакеев менен Бексултан Жакиев кандайдыр бир «эл бузарлар, ичи тар, көралбастар» жөнүндө каймана айткандары акылман Айтматовдун тоюна коошпой турду. Башкасын билбейм, мага бул тойдо үч адамдын сүйлөгөнү айрыкча жакты. Академик Миталип Мамытов жазуучуга байланышкан сырдуу дүйнө жөнүндө, Роза Айтматова элдин жана бийликтин быйылкы мааракеге болгон камылгасын, республиканын аймагында Айтматовдук иш-чаралардын жогорку деңгээлде өткөндүгүн жана бүгүнкүсүнө да ыраазы экендигин чын дилден жана кыргыздын элдик нарктуулугунда билдирсе,
президенн тойдун ашынан аягына чейин эл-журту менен бирге, эч кандай шаан-шөкөтсүз келип, жөнөкөй нускалуу сүйлөп катышканы өзгөчө таасир этги.

Албетте, кемчилик жактарын айтпасак болбос. Негедир дүйнөлүк жазуучунун туулган күнү жана улуу мааракеси өз мекенинде белгиленип атса, ага сырттан, маселен, Айтматовдун чыгармаларынын дээрлик баардыгынын тушоосу ийгиликтүү кесилип, андан кийин бүткүл дүйнөгө таралып турган Москвадан бир өкүл келип куттуктоо айтпаганы таңкалычтуу болду. Андан да таңкалычтуусу, Айтматов чыккан Жазуучулар уюмунун атынан үн чыккан жок. Ошол «өрдөк жокто чулдук бий» дегендей болдубу, айтор, тойдун баштан-аяк алпаруучусу Кыргызбай Осмонов мырза адаттагыдай жалпы «кыргыз-байчылыкка» салып президентти «Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз улуу Айтматовго окшошсуз…» деп «элжиреп» жибергени көпчүлүктү таңкалтырды. Эл артистинин орусча айтканда, мындай «медвежья услугасы» иренжитпей койгон жок. Атаңдынгөрү дүнүйө, 27 жылдан бери далай президенттин түбүнө жеткен «курулай жолдон чыгарар көшөкөрлүккө жол жок!» деп кыйкыргың келет. Кыскасы, улуу тоюбуз кыпкыргызча өттү, жалаң кыргыздар сүйлөдү, жалаң кыргыздар ичип-жеди, кут болсун дейли.

Ошентип той да болду, тойдун эртеси да болду. Ылайым кайран улуу залкар агабыз арбагында ыраазы болсун, биз да ага чексиз ыраазыбыз!

Автор: Дүйшөн Керимов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: