Бүгүн, 13-декабдагы Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Тазабек Икрамов кезектеги демилгесин көтөрүп чыкты. Ал бардык массалык маалымат булактарынын, биринчи кезекте чет эл жактан каржылангандардын негиздөөчүлөрүнүн жарандыгын текшерүү керек экендигин билдирди.
Анын айтымында, гранттар аркылуу каржыланган ММКлар элдин башын айлантып, натуура багытка үгүттөп жатат. Тазабек Икрамов бул нерсе өлкөнүн маалыматтык коопсуздугуна шек келтирүүдө деген ойдо.
Эске салсак, 2016-жылы Жогорку Кеңеш ММК тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдогон. Ага ылайык, чет элдик жарандарга Кыргызстандын аймагында ММК уюштурууга жана чет жактан каржыланган ММКларга ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган. Медиаэксперттер өзгөрүүлөрдү сынга алган.
Ошондой эле Тазабек Икрамов бардык депутаттардын, министрлердин жана аскер кызматкерлеринин чет элдик жарандыгы жоктугун текшерүүнү талап кылды.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ