Орусияда 45 жаштагы кыргыз жараны каза болуп, эки күндөн бери өлүк сактоочу жайда жатат. Бул тууралуу 12-декабрда кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кайрымдуулук фондунан кабарлашкан. Маалым болгондой, Лейлек районунун 1973-жылы туулган тургуну Ногинск шаарында жүрүп, ашказаны ооруп ооруканага кайрылган. Бирок үч күндөн кийин ооруканада жатып, каза болуп калган.
Учурда Орусияда жакындары жок болгондуктан сөөгү эки күндөн бери өлүк сактоочу жайда турат. Ошондукган мекендешибиздин сөөгүн туулуп өскөн айылына жеткирүү үчүн жардам керек болуп турган учур. Кайран элим акча деп туш келди өлкөлөргө агылып кетип, минтип канчабыздын сөөгүбүз талаада калды…
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ