Жарандык активисттер өлкө бийлигине 2019-жылды баланын жылы деп жарыялоону сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда өткөн маалымат жыйында “Балдар укуктарын коргоо лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы балдар көйгөйү реалдуу чечимдерди талап кылууда. Бүгүнкү күндө калктын 35% же 2 миллион 312 миң жашоочусу – балдар. Бирок, 12 миң бала интернаттарда. Аларга кам көрүүчү эч ким жок. 29, 9 миң баланы ден соолугунун чектөөчү ар кандай оорулары бар.
“Азыркы учурда колонияда 25 бала бар. Алар кармалуучу жайлар эл аралык стандартка туура келген жакшыртууларга муктаж. Өлкөдө иштеп жаткан балдардын көйгөйү курч турат. Балдардын 11% ата-энесинин бирөөсү же экөөсү тең чет мамлекетке кетишкен. Балдарга фрагментардык мамиле кылуу болбойт. Коомдун бардык аракетин мобилизациялоо абзел, райондук органдардын, парламенттин, мекемелердин, эл аралык жамааттардын колдоосу болушу керек. Биз ошондо гана көрүнүктүү жыйынтыкка жете алабыз” – деп белгиледи Назгүл Турдубекова.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ