Menu

Уюшкан кылмыштуу топтун 7 мүчөсү 1 ишкерди Ала-Арча капчыгайына уурдап барып, “өлтүрөбүз” деп сабап, $160 000 талап кылган

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-декабрда КР ИИМ билдиргендей, бир ишкерди Ала-Арча капчыгайына уурдап барып, “өлтүрөбүз” деп сабап, $160 000 талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун 7 мүчөсүнүн качып жүргөн 1 мүчөсү колго түштү. Бул тууралу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине 2017-жылы сентябрь айында азият улутундагы 25-35 жаштардагы жети белгисиз адамдар өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары тааныштырышып, ишкерди автоунаага күч колдонуп отургузушуп, Ала-Арча капчыгайына алып барышып, акча талап кылышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аныкталгандай, кылмышкерлер шаар тургунунан 160 миң АКШ долларын талап кылышып, өзүн барымтага алышып, өлтүрөбүз деп коркутушуп, сабашып, туугандарына байланышып бир нече убакыттын ичинде сураган акча каражатын таап берүүлөрүн талап кылышкан.
Жогорудагы факты боюнча 2017-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан 123, 125, 170-беренелери (адамды уурдоо, эркинен мыйзамсыз ажыратуу, опузалоо) менен кылмыш ишин козгошкон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары беш жаран кармалган.
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган кылмышка тиешеси бар шектүүлөрдүн бири боюнча кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган. 2018-жылдын башында ага издөө жарыяланган. 2018-жылдын декабрь айында издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган, Чүй облусунун 1983-жылы туулган А.А. аттуу жашоочусу Бишкек шаарынын кичирайондорунун биринде жашырынып жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.
Ыкчам көрүлгөн чаралардын натыйжасында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан адамды уурдоо, эркинен мыйзамсыз ажыратуу жана опузалоо фактылары боюнча шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды.
Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдыр жүрүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: