Menu

Депутаттар транспорт жана жолдор министринин кызматтан кетүүсүн талап кылууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттары транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов эмне себептен али кызматынан кете элегине кызыгышы. Бул тууралуу алар бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдиришти.

Депутат Абдувахаб Нурбаевдин айтымында, аталган министрликте акылга сыйбаган окуя болду – чоң өлчөмдөгү пара алып жаткан жеринен мекеменин жетекчисинин орун басары Азимкан Жусубалиев кармалды, бирок премьер-министр Жамшитбек Калиловду алигиче кызматтан ала элек.

“Премьер алар менен бирге иштеп жаткандай сезилип жатат” – деди Абдывахаб Нурбаев.

“Жамшитбек Калиловдун министр бойдон калууга моралдык укугу жок” – деп билдирди эл өкүлү.

Аны депутат Алтынбек Сулайманов колдоп, тергөө кандай жүрүп жаткандыгын жана кандай жыйынтыктар болуп жаткандыгы жөнүндө маалымат алуу керек деп билдирди.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 5-декабрда 50 миң доллар өлчөмдөгү пара алып жаткан жеринен кармалган. Пара үчүн Азимкан Жусубалиев Эпкин-Дыйкан-Башкууганды жол тилкесинин (89,5-159,2 чакырымдарын) оңдоп-түүзөө иштерин жүргүзүүгө карата өткөрүлчү тендерди бир белгилүү ишкананын пайдасына чечип бермек.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: