Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча чогулуш өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматык камсыздоо бөлүмү билдирди.
График боюнча, 25-декабрдан тарта жабдуулардын алынып келиниши пландалууда. 2019-жылдын 25-январынан баштап тесттик эксплуатация жүргүзүлөт, ал эми 10-февралда долбоор өндүрүштүк форматта ишке кирет.
Мухаммедкалый Абылгазиев ылдамдык рубеждердин жана кесилиштердеги аппараттык-программалык дислокация маселеси боюнча бергелешкен макулдашуунун жоктугун сынга алды.
“Бул иштин ар кандай этаптарындагы жоопкерсиздик жана шалаакылык долбоордун аткарылышын жайлантышына жол бербешибиз керек” – деди өкмөт башчы.
“Биз “Коопсуз шаар” долбоорун этаптар боюнча так аткарылышын камсыздашыбыз керек. Ар бир этаптын аткарылышына берилген убакыт өз мөөнөтүндө бүтүшү зарыл. Даярдоочу иштер сапаттуу жана так аткарылышы абзел, башкача болууга мен жол бербейм,” – деп белгиледи ал.
Маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитети “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын реализациялоо үчүн ААК “Концерн радиостроения”Вега” ишканасы менен макулдашууга кол койгон. Аталган ишкана тендерди утуп алган.
Биринчи лота боюнча ишкана 1,125 миллиард, экинчиси боюнча 1,195 миллиард сом сунуштаган.
Эреже бузууларды фиксациялаган камералар менен 38 кесилиш жана 52 станционардык рубеж жабдылат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ