Menu

Дүйшөн Керимов: “Атамбаев менен элдешүүгө Жээнбековдо жол жок, аркада ага ишенген эл турбайбы”

Бөлүшүү:

– Дүйшөн байке, интернет айдыңында эмки президент Сооронбай Жээнбековдун Москвада Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземиндеги сөзү менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Апрель» телеканалындагы сөзүн «көкбөрү» тартып атышат. Буга сиз кандай дейсиз?

– Береги 27 жылдан берки «анархиядагы» кыргызга Кудай берип салбадыбы. Интернетиң түшкүрдүн салты ошондой го «ит жебегенди жесе…» да эч ким сөзүнө жооп бербейт экен. Эми аларга теңелбей, экөөбүз ата көргөндөй болуп бүкүлү, нарктуу талкуулаганга аракеттенсек. Бизде улуу «Манасты», ошол эле Айтматовду окуп, терең аңдап түшүнгөн лидер али жок, элдин багы жок болуп келебиз. Акылман Айтматовдун «Президент – башкы бийликтин ээси, өз элинин туткасы, тарбиячысы. Калган эл ошого карап боюн түзөйт, иш жүргүзөт, сөзүн аңдайт» деп айтканы бар. Айтматовдун улуулугун, гений жазуучу экендигин Москвадагыларга кайра-кайра түшүндүрүп отуруштун эмне кажети бар? Маселен, немистер Айтматовду бизден мыкты түшүнүп окуганы үчүн алдыга кетип атпайбы. Албетте, президентиң сүйлөп атса кантип кайдыгер болмоксуң? «Вазир жакшы хан жакшы» деген ойнокей сөз эмес. «Мейли, мейли…» деп башты ийкей бербей, көздү тике карап, жетекчиге колмо-кол, шайма-шай чын дилден жоопкер вазир болуу керек. Анан да, албетте, кыргыздарга «президент орусча жакшы сүйлөй албайт экен» деген талаш-тартыштын ордуна «кыргыз тилин, дилин, мүдөөсүн жакшы билбейт экен» дегендей айгайласак жүйөлүү болор, патриоттук болор.
Адам жаңылат, жаза басат, бирок, «падыша кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес» дегенди эстейли, улуу Конфуцийдин 2500 жыл илгери «моюнга алып оңдолбогон каталык – бул чыныгы каталык» деп жазып калтырган мурас сөзүн эстейли. Бирок, биздин президент катачылыгын сезип, алдыга аруу тилек менен кадам таштап атпайбы…

– Ал эми Атамбаевге келсек?..

– Атамбаевге айла жок тура. Телеканалы бар экен, не бир көркөм имаратта, ыңгайлуу шартта… эриккенде элирип, каалагандай сүйлөй берет экен. Эсеби маселен, экөөбүздү Аслан кожоюн «кыска жазгылачы, байкелер» деп тизгиндеп атпайбы? А экс-президентте андай «тормоз» жок, башы бош, каалагандай бакылдай берет экен. Мурда «акшакалдар, желим генералдар» дечү, эми «кузгундар, чөөлөр» деп атат. Билесиңби Суке, кезинде Атамбаевдин митинг-чогулуштарда «ак, таза иштебесек Акүйдүн алдында атылган 87 баланын арбагы урат!» деген көз жаш аралаш жалындуу сөздөрүнө шыктануу менен колдоо иретинде макалалар серияларын жазган киши катары айтарым, бу текеберчилик, кекчилдик деген ит оору далай кыйындардын түбүнө жеткен. Жакшыга, айкөлдүккө мисал толтура: кечээ эле Дэн Сяопин кезинде чалмакей чалган Маонун өлүгүн ордунан козгободу, Борис Ельцин бийликтен кеткенден кийин үндөбөй эле тойлордо жүрүп өттү. Бизди эле Кудай каргагаганбы, качканы деле, бу жердегиси деле акылдуусунат, баёо балдардын итжыгылыш күрөшүндөй «турсам өлөсүң» дейт.

– Атамбаев кечээки интервьюсунда кабарчынын элдешүү жөнүндө берген суроосуна «элдин тынчтыгын ойлоп элдешүүгө ортого киши салсам Жээнбековдор каалабай жатат» дегендей ойду айтты. Буга кандай дейсиз?

– Кайдагы элдешүү? Айтылуу панфиловчу комиссар Клочков окоптон тура калып кыйкыргандай айтсак, «элдешүүгө жол жок, аркада эл турбайбы». Азыр аң-сезимдүү ар бир кыргыз, айрыкча эки миллиард доллардан ашык кытай кредитинин төлөмөр тагдырын, урпактарынын 10-20 жылдан кийинки бүдөмүк тагдырын ойлоп, түн уйкудан чочуп түйшүк тартып атса, а Атамбаев жасаган иштерине маашыр экен. Маселен, кайра бийликке келсе ошол эле чуулгандуу долбоорлорду улантарын кобурап атат. Эл кимге ишенет, албетте, азырынча азыркы президентке ишенип турат. Эгерде коррупцияга каршы башталган батыл иштер бара-бара быкшып, бүксүй берсе, саясый туткун делгендер аныкталбай абакта зарыга берсе, жемкорлорду кылтакка илип түрмөгө түртүп киргизип аткан УКМК менен прокуратуранын эмгеги көпчүлүк учурда соттор тарабынан бурмаланып, бара-бара түккө арзыбай салттуу улана берсе, кечээ кызматка дайындаган чиновниги жүз миңдеген доллар параны бүкүлү сугунуп аткан жеринен кармалып, ага жооптуу министри, вице-премьер-министри, премьер-министри кабат-кабат үстүндө отуруп, реакция кылбай беймарал жүрө берсе, кандай болот? Жаман болот, Адахан баатыр дамамат эскертип аткан эл, чиновниктер алганга машыккандай аларды Акүйдөн кубалап чыкканга машыккан эл кайрадан кыймылдай баштайт… Кудай анын бетин ары кылсын деп тилейли.

Маектешкен: Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: