Menu

Маданият жылдыздары эмес, мушкерлердин жеңиши маанилүү болгону өкүндүрөт

Бөлүшүү:

Акыркы жылдары кыргыз балети таптакыр эле унутта калгандай. Кандай балет бийчилери бар? Кандай жаштар өсүп келе жатат? Бул боюнча азыркы жаштардын таптакыр кабары жок. Жакында эле балет дүйнөсүндө жакшы жаңылыктардын бири болуп өттү. Россиянын Красноярск шаарында өткөн балет боюнча «Сибирдин Гран-при» конкурсуна кыргызстандык бийчи Фарух Садыркулов жалгыз катышып, жаш бийчилер арасында 2-орунру жеңип келди.

«XXI кылымдагы белет» V эл аралык форуму чыгаан хореограф Мариус Петипанын 200 жылдыгына арналып, балетте абройлуу таймаш болду. Ноябрь айынын ортосунда болуп өткөн конкурска Кыргызстандын атынан А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жаш, таланттуу бийчиси Фарух Садыркулов жалгыз катышып, байгелүү кайтты. Россиядагы балет боюнча таймашка дүйнөнүн он бир мамлекетинен мыкты бийчилер катышып, үч категорияда кызуу таймаш болду.

Башбайге Гран-прини мелдештин ээси, Д.А.Хворостовский атындагы Красноярск опера жана балет театрынын башкы солисти Георгий Болсуновский ээлесе, биринчи орунду москвалык бийчи Юрий Выборнов алган. Андан кийинки эле экинчи орунду Фарух Садыркулов менен япониялык бийчи Шота Онодера алышты.

Бирок, Фарухтун ийгилигин өзү иштеген А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры, КР маданият министрлиги көрсө да көрмөксөн болушту. Бул Фарух Садыркуловдун эл аралык мелдештердеги алгачкы ийгилиги эмес. Ал буга чейин дагы кыргыз балетинин намысын татыктуу коргоп келген. Бул жолку жеңиш дагы оңой келген жок. Анткени, Россия, Германия, Япония сыяктуу балеттеги мыкты мамлекеттердин бийчилери команда менен катышса, кыргызстандык бийчи жалгыз чыкканына карабай, башкы орун үчүн татыктуу таймашты. Учурдагы бийчибиз Фарух Садыркуловдун ийгилигин маданият министрлиги баш болуп көз жазыдымда калтырып, бир дагы журналист кубанып кабар жазбай турган чакта, аны Испанияга гастролго чакырып, чет элдиктер ага кызыгуусу артууда. Бийлик башындагылар театрга кирбеген заманда, маданияттын ээлери эмес, мушкерлердин жеңиши маанилүү болгон заманда жашап жатканыбыз өкүндүрөт. Эгер мамлекет таланттуу, жаш бийчиге көңүл бурганда, балким башкы орунду ба гындырмак. Таланттуу бийчини казактар канча жылдан бери чакырсада, «кыргыз намысы» деп мекенин алмаштырбай келген таланттуу жаштарга качан көңүл бурабыз?

Айтмакчы, балет өнөрүн сүйүүчүлөргө Садыркулов деген ысым жакшы тааныш. Анткени, Фарухтун атасы Досмат Садыркуловду да  убагында канчалаган чет элдик белгилүү театрлар чакырганына карабай, кыргыз опера-балет театрынын жүзү болгон мыкты бийчи. Тилекке каршы, 30 жылдан бери сахнанын көркүн ачкан Досмат Садыркуловго да ушуга кезге чейин «Эл артисти» наамы берилбей, көмүскөдө калып, зор эмгек кылып унчукпай иштеген аз адамдардын бири.

Автор: Гүлмира Үмөталиева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: