Menu

Видео – Алманбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Мен орусчаны Атамбаевден жакшы билем, Бабановду куугунтуктаган Жээнбеков эмес, Атамбаев өзү болгон, “бөрү баласы ит болбойт” деп улутуна чейин асылбады беле…

Бөлүшүү:

“Атамбаев кечээ өзүнүн интервьюсунда айтпадыбы “Бабановду мен каматып койгом, мыйзамсыз каматкам, кылмыш ишин мыйзамсыз козгогом” деп өзү жасаган кылмышын өзү мойнуна алды.  Ошондуктан бул ишке парламент саясый баа, ал эми генпрокуратура укуктук баа бериши керек”, – деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматов Next каналына.

“ Анткени Атамбаев “Бабановдун күнөөсү жок, мен жөн эле каматып койгом” деп мойнуна албадыбы. Ал эми Бабановго куугунтук кылган Жээнбеков эмес да, Бабановду куугунтуктаган Атамбаев болгон да. Анткени Атамбаев телевизордон түшпөй эле “Бабанов кузгун, саткын, казактарга сатылды”,  деп Бабановдун улутуна чейин асылбады беле, “бөрү баласы ит болбойт” деп…  Бабановго кылмыш ишин козгоп, куугунтуктаган киши Алмаз Атамбаев, муну кечээ өзү да мойнуна алды. Бирок саясый баа берүүдө айрым депутаттар “Бабанов камалсын!” деп чыгышы мүмкүн. Бабановго кылмыш иши козголду, бирок Бабановду эч ким камаган жок да, Бабанов өзү эле качып кетти да көлөкөсүнөн коркуп… ушул сөзүмдү да чыгарып койгула, силер чыгарбасаңар башкалар чыгарат,” – деди депутат.

“Мен орусчаны Атамбаевден жакшы түшүнөм, ал өзүнүн айтканын кечээ да тастыктабадыбы, “Текебаевди мен каматпай эле койсом болмок экен, бирок менен ушу каматып койдум”  деп.  Ак жеринен кишини каматкан кылмыш да. Ошондуктан ал кылмышын жашырыш үчүн ал “мыйзамдуу эле болду, бирок каматпай эле койсом болмок” деп ал прокуратураны да, сотту да өзү каалагандай башкарганын мойнуна алды.  Бабанов боюнча да “Бабановго кылмыш ишин мен козготком” деген сөздүн төркүнүн ошондой айтты,  “анын күнөөсү жок” деп. Текебаев боюнча “мен каматпай эле койсом болмок экен” деди. Атамбаевдин “Шыкмаматов орусча билбейт” дегени, ал эми эмоциясы да, калгандарына деле жугундуну коюп жиберди го баарына”, – деди депутат Шыкмаматов.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: