Кечээ, 13-декабрда КР УКМК кызматкерлери жүргүзгөн оперативдик-иликтөө иштеринин натыйжасында, 18 миң сом пара алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнун Генералдык штабынын коменданттык кызматынын жетекчисинин орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, азыркы учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ