Menu

Кызын чек арадан башка күбөлүк менен алып өтүүгө аракеттенген аял кармалды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын жараны өзүнүн жашы жете элек кызынын документи катары башка бирөөнүн туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн көрсөтүп, мамлекеттик чек арадан алып өтүп кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ММК менен байланыш кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда,  30 жаштагы А.С. аттуу жаран “Чалдыбар авто-жол” көзөмөл-өткөрүүчү пунктуна жашы жете элек кыз менен келген. Паспорттук көзөмөлдөн өтүү маалында ал кызынын документи катары 13 жаштагы Б.Б.нын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн көрсөткөн.  Бирок, аял менен кыздын жүрүм-туруму  чек арачыларда шектенүү жараткан.

“Натыйжада, А.С. аттуу жаран кызды чоочун күбөлүк менен алып өтүп баратканы аныкталып, бул ишти териштирүү үчүн, кармалган аял  УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди” – деп айтылат маалыматта.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: