Menu

Оштогу таштанды үймөгүнөн жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 13-декабрда Ош шаарындагы таштанды үймөгүнөн жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу күч органдарынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ымыркайдын сөөгү кагаз кутунун ичинен табылган. Баланын киндигин да кеспей, желим баштыкка ороп, андан кийин кагаз кутучага салышып, шаардын таштанды салуучу контейнерлеринин бирине ташташкан. Анан аны таштанды жыйнагыч машина Жапалак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан таштанды үймөгүнө алып барып таштаган.

Ымыркайдын сөөгүн кийин таштанды аңтарып, “товар” топтогон лөлүлөр таап алган.

Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: