Өңчөй мамлекеттик кызматтарда иштеп, банктык эсебине миллиондорду сактаган экс-вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевдин «бомбасы» мамкызматта жүрүп байыгандарды катуу чочутту. Учурда капчыгы калың көпөстөр декларацияга киргизбей калган каражаттарын кайда катышты билбей, чаң-тополоң түшүп жаткан кези. Бирөөсүн мисалга тартсак, акчанын кени болгон бажы кызматын бир жылдан ашык башкарган Азамат Сулайманов кыйпычыктап, түйшүккө түшкөнү бизге чейин жетти. Кашайып, мыйзамдын алкагында сыр сактай албаган банктарга дагы ишенүүгө болбой калбадыбы. Эми булар үйүнө «тайник» казып, жер алдына каткан дан башка аргасы калбады окшойт. Азамат мырза, катканга жардам керек эмеспи?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ