2018-жылкы Азия оюндарында Кыргыз Республикасынын намысын коргоп, жеңил атлетика боюнча зор ийгилик жараткан белгилүү спортчу Дарья Маслова турмушка чыкты. Бул тууралуу ал кечээ, 13-декабрда өзүнүн “Инстаграм” баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы спортчу Дарья арзыганы Александр Бакалов менен төрт жыл бою сүйлөшүп жүргөн.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын жай айларында Индонезияда өткөн Азия оюндарында Д.Маслова 10000 метр аралыкка чуркоодо алдына эч кимди чыгарбай, алтын, 5000 метрге чуркоодо экинчи болуп, күмүш медаль тагынган. “Азия олимпиадасы” аталган бул ири мелдеште Кыргызстан командасы 2 гана алтын медаль утса, анын бири ушул күлүк кыздын эмгеги.
“Албетте, мен Александрга турмушка чыгууга даярмын. Ал мени төрт жылдан бери күтүп жүрөт. Колдойт, ар бир мелдештен ийгилик менен, аман-эсен кайтышымды күтөт. Жаракат алган учурларда ар дайым жанымда болот”, – деп жазган Д. Маслова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ