Menu

Автоунаанын ичинен жардам сурап кыйкырган аялга жардам бербей койгон эки МАИ кызматкери кызматтарынан айдалды

Бөлүшүү:

Автоунаанын ичинен жардам сурап кыйкырган аялга жардам бербей койгон эки МАИ кызматкери кызматтарынан айдалды. Аталган факты боюнча дагы 7 кызматкер тартиптик негизде жазаларын алышты. Бул тууралу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“ТВ Кайгуул” программасында көрсөтүлүп , андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарында “Автоунаанын ичиндеги кыз жардам сурап кыйкырган, ЖКККБнын тескөөчүлөрү айдоочуну коё беришкен” аталышындагы маалымат тарап, коомдук кызуу талкуу жараткан факты боюнча Бишкек шаардык ЖКККБнын кызматкерлерине карата жүргүзүлгөн кызматтык иликтөө жыйынтыкталды.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен ИИМдин ЖКККББгы бирдикте жүргүзгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын 9 кызматкери тартиптик негизде тиешелүү жазаларын алышты.
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин, Кыргыз Республикасынын ИИОнун Ички кызматтык уставынын жана кесиптик этикасы кодексинин талаптарын одоно бузуп, кызматкердин жеке, нравалык жана кесиптик сапаттарында көрсөтүлгөн талаптарга карама-каршы келген жоруктарды жасап, Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызматкерлеринин кызматтык аброюн түшүрүп, коомдук кызуу талкуу жараткандыгы үчүн Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын прапорщиги А. Б. менен милициянын сержанты И. Б. ээлеген кызматтарынан бошотулушту.
Кыргыз Республикасынын ИИОнун Тартиптик уставынын, Ички кызматтык уставынын талаптырын бузуп, кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбай, андан сырткары көзөмөлдү жоктугунан кол алдындагы кызматкерлери тарабынан дисциплинардык жоруктарды кылууга алып келгендиги үчүн төмөнкүдөй жазаларды алышты: Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын взводунун ага тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Н. А., Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын взводунун командири, милициянын подполковниги Д.С., Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын батальонунун командиринин орун басары, милициянын майору Ж.уулу У., Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Т. Д. катуу сөгүш жарыяланды, Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын башчысы, милициянын полковниги Ш. Б. катуу сөгүш жарыяланды. Ал эми Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын штабынын тескөөчүсү, милициянын лейтенанты К. И. сөгүш жарыяланды. Ошондой эле Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын батальонунун командири, милициянын майору Р. К. жазган рапорту боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: