Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитети быйыл 26-июнунда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу боюнча маселени карап, депутат Улукбек Ормоновдун демилгеси жана тармактык комитеттин чечиминин негизинде Түндүк-Түштүк альтернативдик жолдун курулушуна кеткен каражатты иликтөө үчүн атайын жумуш топ түзүлгөн. Топко «Бир Болдон» Кубанычбек Жумалиев жетекчи болгон. Ишти башка тыңыраак бирөөгө берсе болмок деп бармагын тиштегендер чыккан. Көрсө, чын айтыптыр, Жумалиев мажирөөлүгүн карматып, жумушчу топтун ишин токтотуп тынды. Бул кысталак алкымын майлатып алганбы? Болбосо буга чейин ММКларда жарыяланып, айрым участоктордо жолдун бир чакырымынын баасы 2.5-3 млн. долларга чукулдап кетти деген маалыматтарды ачып чыкмак. Жумалиев сыяктуу «карышкырларга кой кайтарткандан» тажабайт экенбиз да.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ