Menu

Атамбаевге караганда Чыныбайды деле саясатчы десе болот тура

Бөлүшүү:

Чыныбай Турсунбеков өткөн президенттик шайлоо учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турбады беле. Шайлоого катышып, өз бактымды сынап көрмөкчүмүн деп кадам таштаганда, азыр арманы аттын башындай болуп турган Атамбаев тизеге чаап, бирөө гана талапкер болуп чыгат, опурулсаң биздин командадан кууп чыгабыз деп төө бастыга алганы да чындык. Чыныбай Турсунбеков шайлоо бүтүп, Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен соң, байлыгым менен бийлигим эмне болот деп ойлонбостон, жаңы президент өзүнүн командасы менен иштеши керек деген позицияны карманып, өлкөдөгү эң жогорку бийлик орду парламенттин төрагалыгын өз каалоосу менен тапшырып, кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип кете берген. Ошондон бери туура позицияны карманып, өткөнгө кылчактап карабай, эч кимге таарынбай, өз саясий жолун улантып келатат. Атамбаев тажрыйбалуу саясатчымын деп опурула бербестен, бийликти кантип өткөрүп берүү керектигин Чыныбайдан чычалабай эле үйрөнүп алса жакшы болмок. Кайра-кайра эле кара башынын кайгысын элге жарыялай бербестен. Бул шартты караганда Чыныбай Атамбаевден кыйла эле кыйын саясатчы экен. Турмуш далилдеп жатпайбы. Кантип муну андай эмес деп айтабыз анан?…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: