Кечээ, 13-декабрда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Ахмат Келдибеков Next.tv телеканалына интервью берип жатып, экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берерин билдирди.
А. Келдибековдун айтымында экс-президенттин “Апрель” телеканалына берген маегинде анын дарегине айткан сөздөрү анын кадыр-баркына жана беделине шек келтирген. Ошондой эле, экс-депутат А. Атамбаев менен бирге бир катар адамдарды да сотко берерин кошумчалады.
Эскерте кетсек, экс-президент А. Атамбаев ал интервьюсунда Жогорку Кеңештин мурунку депутатын кемсинткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ