Атамбаевдин кечээги маегиндеги «кааласа кылмыш ишин жаап, кааласа ачып койгон» жоругу коомчулуктун кыжырын келтирди. Бир гана Атамбаев айтмакчы «Бабанофиттер» «оо жаңы жылды шеф менен тосот экенбиз. Экс-президент айтып жаткан соң шеф деле келет» дешип «энеси эркек төрөгөндөй» сүйүнүп жаткан кербездери. Бирок өтө эле эрте сүйүнүп жаткан «чабал өрдөктөргө» бооруң да ооруйт экен. Булар Бабановдун кылмыш иши жабыла электигин, тийиштүү органдар Бабановду аба майданынан «чыдамсыздык менен» күтүп жатышкандыктарын түшүнбөйбү? Кыязы, өзүн кабылан атаган «калтар түлкү» Атамбаевдин «кылтагына» чооң «кит» «илингени» калды көрүнөт. Анткени, буга чейин Атамбаевдин бал сөздөрүнө ишенген далай адамдар азыр «түрмөнүн тамагын татып» жатканы жалпыбызга маалым. Атамбаевдин Бабановду каматып Жээнбековду элге жаман атты көрсөтүү аракетин бул акылы тайкылардын түшүнбөй жатканы өкүндүрөт.
Автор: Нургазы Айтмырзаев
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ