Menu

Асел Кодуранова вице-спикерликтен кетти. Анын ордуна Аида Касымалиева сунушталууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова парламенттин вице-спикеринин кызматынан алынды. Аны кетирүүгө депутат айым өзү мүчө болгон КСДП фракциясынын депутаттарынын көпчүлүгү “макул” деп добуш беришти. Бул маселе каралган фракция отуруму жабык эшик артында өттү.

12-декбрда Асел Кодуранова өзү төрагалык кылган парламенттин пленардык отурумунун күн тартибине президенттик шайлоодон кийин Кыргызстан качып кеткен бизнесмен-саясатчы Өмүрбек Бабановго байланыштуу маселени талкуулоону киргизген болчу.

Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков аталган маселени адегенде комитеттердин отурумунда карап, андан кийин гана палатага алып чыгууну сунуштаган. Ошентип, маселе күн тартибинен алынган.

Ал эми КСДП фракциясынын көпчүлүк депутаттары  Асел Кодуранованын Бабанов маселесин көтөрүп чыккандыгын кандайдыр  көмүскө саясий максаты бар демарш катары баалап, аны вице-спикерликтен кетирүү демилгесин көтөрүшкөн.

Анын ордуна – Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына КСДП фракциясы депутат Аида Касымалиеванын талапкерлигин сунуштады.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: