Menu

Видео – Гүлзат Мамытбектин Америкага дем берген “Эквадор” деген клиби чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-декабрда “планетанын дем берүүчүсү”, мотивациялык оратор, ырчы Гүлзат Мамытбек “Эквадор” аттуу жаны ырынын клибин жарыялады. Бул тууралуу ал АКИpress маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди. Клип анын YouTube каналында жайгашкан.

Маалыматка ылайык, ырдын сөздөрүн анын Пабло Агина аттуу досу жазган. Ал эми, обонун “Music Producer Ecuador” аттуу студия жазып берген. Клипти тартууга досунун жубайы Мишель жардамдашкан.

“Мен Пабло жана анын жубайы менен Кариб аралдарында окуп жүргөндө таанышкам. Мен аларга мурунку клиптеримди көрсөтүп, Кыргызстандын жана Орусиянын жарандарына дем берип жатканымды айтканда, Пабло “өзүңдүн эле өлкөңө дем бербестен, Америкага да дем, күч бер, алгач Эквадордон башта” деди. Анын ыр жаздырган студиясы бар болчу. Мен ойлонбостон макул болуп, Эквадорго жол тарттым. Алар клиптин тартылышын толугу менен өздөрү каржылашты. Эквадорлуктар азырынча ырды угуша элек. Жакында угушат”, – деди ал.

Ошондой эле, ал клипти тартуу учурунда америкалык режиссер Хуан Буэндиа менен таанышып, ага келе жаткан жылдын жаз айларында турмушка чыгууну пландап жаткандыгын кошумчалады.

Ырда Эквадор бейишти эске салары, бул өлкөдө кыялдардын бардыгы орундалары айтылган. Мындан тышкары, адамдарды сүйүү сезимине ачылып, чачылууга чакырат. Клип Эквадордун борбор шаары Китодо тартылган.

Белгилей кетчү нерсе, Гүлзат Мамытбек жарым жылдын ичинде “Кыргызым менин”, “Россия-матушка, вставай!”, “Сүйүү – Бакыт” сыяктуу бир топ ырды жаратканга жетишкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: