Menu

Равшан Жээнбеков: «Сооронбай Жээнбеков артты карап Атамбаевдин айтканын аткара турган болсо, эч убакта мамлекеттин президенти боло албайт»

Бөлүшүү:

— Равшан мырза, өткөн маекте эки ажонун биринчи маектерине анализ берген элек. Ушул жумада мурунку ажо, азыркы оппозиционер Алмазбек Атамбаев экинчи маегин берди. Эми ошол маекке анализ жүргүзөлү. Бул жолу да ал киши таарынычын айтуу менен гана чектелди. Сизге бул жолку маек кандай таасир калтырды?

— Ар бир адамдын өзүнүн мүнөзү бар. Президент Атамбаевдин катасы бир эле өткөн президенттик шайлоо эмес. Бирок, ал кишинин сөзүнөн кийин өткөн шайлоонун легитимдүүлүгү жөнүндөгү маселе аябагандай чоң туруп калды. Шайлоо боюнча тизменин жарыяланганы чоң күмөн жаратты. Мен башкалардан айырмаланып ал тизменин чын экенине ишенем. Себеби, Кыргызстанда президенттик шайлоону 2 млн доллар менен эч ким өткөрө албайт. Биздеги шайлоо кеминде 30–50 млн доллардын тегерегинде турат. Бул тизме эртели-кеч чоң маселе, талаш-тартыш жаратарына, саясий конфликттерге алып келишине дагы ишенем. Ал келечектин маселеси. Атамбаевдин 7 жылдык башкаруусунда бир топ эле каталар кетти. Мурунку президент жеке көз карашта президенттик шайлоону чоң катасы катары айтып жатканы туура эле. Бул анын адамдык таарынычы. Атамбаев Сооронбай Жээнбековду президент кылсам мамлекетте чоң таасирим калат, маселелердин чечилишине кийлигишип турам деп ойлогон. Реалдуу түрдө андай болгон жок.

— Экинчи маек биринчи маектен эмнеси менен айырмалана алды?

— Адамдык жөнөкөй сапаты бар, ичинде өч алуу сезими жок президент катарында конфликти жөнгө салуу үчүн Сооронбай Жээнбеков биринчи кадамды таштаса керек деп ойлогом. Атамбаев өзү биринчи кадамды мен таштадым, элдешүүгө аракет жасадым, ушундай жаман нерселерге барбаганга аракет кылдым деп айтып жатат. Кимиси биринчи кадам таштаганында айырма жок деп эсептейм. Мамлекетте болуп жаткан маанилүү окуялар, эки президенттин тирешүүсү өлкөнү кайда алып баратканы аябагандай маанилүү. Өлкөдө ушунун арты менен ачыктык, саясий атаандаштык пайда боло баштады. Эки президенттин тиреши жакынкы аралыкта саясий чечимдерге алып келет. Экөөсүнүн бирөөсү кандайдыр бир деңгээлде жеңилүүгө дуушар болуп, экинчиси үстөмдүк кылганга шарт түзүлөт. Бул өлкөдөгү өзгөрүүлөргө генератор болот.

— Атамбаевдин “Элдешүүгө биринчи кадамды мен таштагам. Фарид, парламенттин эки депутаты аркылуу айттыргам. Мен мындай тирешүүнү каалаган эмесмин” деген сөзүн анткорлонуп, саясий ыкма катары колдондубу же болбосо колун көтөрүп, сен каалагандай башкаруу жүрөт деп багынган абал катары баалайбызбы?

— Муну так айтыш кыйын. Эки багытта караса болот. Чынында эле аракет кылган болушу мүмкүн. 7 жыл мамлекетти башкарып, андан кийин ошол мамлекетте өзү алып келген мураскеринин чоң басымына дуушар болуу оор жоготуу. Ушунун артынан аракет кылгандыр. Мүмкүн, анын бул айтканы саясий жүрүштүр. Анткени, биздин коомдо биринчи кадамды таштагандарды сыйлаган учурлар бар. Атамбаевдин “Мен биринчи кадам таштадым. Жээнбековдор муну алсыздык деп түшүнүп, андан дагы катуу кетишти” дегени маанилүү көрсөткүч.

— Сиз демократиялык башкаруу деп жүрөсүз. Атамбаевдин таарынычы “Жээнбеков мени укпай койду…” деген болуп жатат. Демократиялык өлкөдө бийликтен кеткен киши бийликке келген кишиден “Сен мени укпай койдуң…” деп таарынганга негиз болуп бере алабы?

— Жакшы мамлекет курабыз десек, мураскер деген болбошу керек. Президентти, парламентти дайыма эл чечет, эл шайлайт. “Менин мураскерим болот… Айтканыман чыкпайт” деген баардык президенттердин жаңылыштыгы. Бийликти ата менен бала бөлө алган эмес. Акыл-эстүү, саясатты жакшы түшүнгөн, мамлекеттин маңызын билгендер өзүнүн президенттик мөөнөтүн жакшы өткөрөт, өлкөсү үчүн өзөктүү реформаларды жасаганга аракет кылат. Кийинки президент ким болоруна кийлигишпейт. Эл чечсин деп кете берет. Биздеги абал башкача. Россияда Ельцин мураскери катары Путинди алып келди. Азербайжанда президент Алиев өзүнүн уулун калтырды. Тажикстанда президент өзүнүн уулун даярдап жатат. Ушуга окшогон жаман көрүнүш үчүн бизде дагы аракет болду. Бирок, ал ишке ашпай калды. Бул биздин коомдун башкалардан кандайдыр бир деңгээлде айырмаланып, башка жол менен өнүгүп жатканынын, демократиялык жолго баратканынын көрсөткүчү болуп эсептелет. Атамбаевдин минтип таарынганына негиз жок. Бийликке келген президент өзүнүн программасы, командасы менен мамлекетти башкарышы керек. “Мен кийлигише албай калдым” деген мурунку президенттин сөзү жеке адамдык гана таарыныч болуп саналат.

— Сооронбай Жээнбековдун мурунку президенттин жетегинен чыгып, өз алдынча бийлик жүргүзгөнү биздеги демократиялык коом үчүн пайдалуу болуп жатпайбы?

— Кандайдыр бир деңгээлде өлкөдө шарт, чөйрө өзгөрдү. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенде сөз эркиндигинде, чогулуш эркиндигинде, саясий маселелерде кичине болсо дагы алга жылуу болду. Муну чындык үчүн айтып коюшубуз керек. Бирок, маанилүү болгон бийликтин моделин, жаратылышын өзгөртө албады. Келечекте Сооронбай Жээнбековдун бийлигине, бийликтен кеткенден кийинки келечегине сокку ура турган коркунучтарды аракеттеги президент өзү жаратып алды. Мындан ары президент үчүн бийлик бутактарынын тең салмактуулугун, бийликтин жаратылышын, мамлекеттин башкаруу моделин өзгөртүү аябагандай кыйын болот. Бир жылда маанилүү өзгөрүүлөрдү кыла албаган президент кийинки жылдары кыла алышына көз жетпейт. Дүйнөдө дагы андай практика жок.

— Бийликке келген киши өзүнүн саясатын жүргүзгөнү кемчилик эмес, артыкчылык болуп эсептелерин неге айтпайбыз?

— Чындыгында бийликтеги адам кимдир бирөөнүн айтканын аткарбай, өз саясатын жүргүзүүсү артыкчылык. Сооронбай Жээнбеков артты карап Атамбаевдин айтканын аткара турган болсо, эч убакта мамлекеттин президенти боло албайт. Дагы бир жагдай, Жээнбеков азыр орустардын, Казакстандын мамлекет башчыларына көп кылчактап кароодо. Бул дагы коркунучтуу нерселердин бири болуп эсептелет. Ошондуктан, өз алдынча президент болом десе мамлекеттеги бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна шарт түзүп, бийликтин жаратылышын өзгөртүп, маанилүү реформаларды жасашы керек. Путинди, Назарбаевди, Атамбаевди дагы кийлигиштирбей мамлекетти өзү башкаруусу зарыл.

— Атамбаев шайлоонун легитимсиздигине чоң күмөн жаратууда мыйзамга алып барып такады. Бирок, анын айткандары бийликти толугу менен узурпациялап алганын далилдеди. Бийликти узурпациялоо баардык өлкөлөрдө оор кылмыш катары каралган. Ушул негизде Атамбаевге иш козгоого негиз жаралып жатпайбы?

— Кыргызстанда аракеттеги президент менен толук кандуу төртүнчү президент болду. Төртөөсү тең бийликти узурпациялаган президенттер. Мен аракеттеги президентти дагы кошуп айтып жатам. Азыркы президент дагы мурункудан калган узурпация болгон бийликти кармап олтурат. Атамбаев дагы бийликти узурпациялаган президент болуп саналат. Ар бир президентке узурпация, коррупция, геноцид боюнча ар бир мамлекетте кылмыш ишин козгой алат. Эгерде азыркы бийлик Атамбаевдин айткандарын далилдеп чыга турган болсо, толугу менен кылмыш ишин козгосо болот.

— Оор кылмыштардын катарына кирген бийликти узурпациялоо боюнча кылмыш иш козгоодо президенттин кол тийбестигин алуу зарылбы же ал калканч болуп бере албайбы?

— Дүйнөлүк практикада цивилдүү өлкөлөрдө президентте үч нерсе үчүн кол тийбестик болбойт. Алар бийликти узурпациялоо, коррупция жана геноцид. Бизде гана мыйзамсыз, туура эмес көз карашты мыйзам кылып киргизип коюшкан. Тилекке каршы, ушул мыйзамды кабыл алган адамдардын баардыгы оппозициялык саясатчылар. Президенттерге биз дагы башка мамлекеттер сыяктуу кандайдыр бир нерселерге кол тийбестик беришибиз керек. Бирок, үч нерседен кол тийбестикти алышыбыз зарыл. Бул туура эмес.

— Бабанов тууралуу сөз кылганда, ага карата козголгон иш жабылышы керек экенин, өзү ыңгайсыз болуп жатканын билдирди. Бирок, шайлоо кампаниясы учурунда Бабановду өзү жээрип, темирди отко кызытып, бир жерине басыш керек экенин, ага окшогон адамдардын орду түрмөдө деген сөздөрдү айтып, коркутпады беле. Бабановго карата козголгон иш анын учурунда козголгон. Азыр 180 градуска бурулуп, саясий оюнду башкача баштаганын кандай чечмелейбиз?

— Бизде саясатчылар, мамлекеттик институттар президентке көз каранды болуп көнүп калышкан. Атамбаев президент кезинде таптакыр башка ойлорду жылдырганы менен президенттиктен кеткенден кийин башка көз караштарды айтып жатканы, эки адамдын көз карашы. Биринчиси, мурдагы президенттин, экинчиси, азыркы оппозициялык саясатчынын көз карашын билдирип жатат. Экөөсү бири-бирине карама-каршы келе турган көз караш. Атамбаев президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүнєн күмөн саноо процессин коё бергенден кийин 2 адам өзүнүн сөзүн так айтышы керек. Биринчиси Бабанов. Ал шайлоону легитимдүү деп эсептейби же жокпу? Экинчиси Мадумаров. Ал дагы өз көз карашын айтышы керек.

— Бабановго каршы Атамбаевдин буйругу жок кылмыш иш козголот беле?

— Бабановго эки кылмыш иши бар. Биринчисин Атамбаев өз мойнуна алып, мен козготком деп айтып жатат. Экинчисин азыркы бийлик козгогон. Аны баарыбыз билебиз да. Бизге окшогон өлкөдө көрүнүктүү саясатчыларга укук коргоо органдары президенттин көргөзмөсү менен гана кылмыш ишин козгойт. Президенттин гана буйругу менен кылмыш ишин токтотот.

— Бабановду жакшы билесиз да, бир курактагы саясатчылар болгондуктан чогуу да жүрүп калдыңар. Ал киши саясатка караганда көбүрөөк бизнесине басым жасайт. Бизнесин коргойм деген адам тобокелчиликке барып, аракеттеги бийликке каршы чыгып, Атамбаевге кошулууга дарамети жетеби?

— Бизнести алдыга койгон адам эч убакта саясий тобокелдүү кадамдарды жасай албайт. Саясаттын аягына чейин баруу оор жүк. Ишкер болуп, бизнеске басым жасаган адам кандайдыр бир тобокелчиликти жасай турган болсо, анын дүйнөсүнөн ажырап калуу коркунучу аябагандай жогору. Ошондуктан жакынкы аралыкта Өмүрбек Бабанов маанилүү билдирүүлөрдү жасап, азыркы президентке каршы чыгууга күчү, дарамети жетет деп айта албайм.

— Атамбаевди курултайга чакырууну сиз айтканыңызды, ал сиз аркылуу катыша албай турганын билдирген деп маалымат чыкты. Экөөңөрдүн ортоңуздарда курултай тууралуу сүйлөшүү жүрдү беле?

— Атамбаев мага курултайга барам деп айткан эмес. Ойлоном деген. Мүмкүн партиям катышат деп айткан. Биз ачык курултай өткөзүп жатабыз, бийлик, оппозиция дагы келет деп айткам. Биздеги саясатчылардын көбүкошоматчылар да. Алардын көбү Атамбаев бийликте турганда ага ооп тургандай, азыр Жээнбековго ооп турат. Оппозициядагы саясатчылар аз экенин курултай көрсөттү. Бүгүн Жээнбековду колдогондор көп болсо, жазгы курултайда ага каршы болгондор көп болуп калуу мүмкүнчүлүгү да бар.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: