Menu

Гүлжамал Досалиева, жээни: Чыңгыз таекем чыгармаларын көбүнчө түн ичинде жазчу

Бөлүшүү:

Чоң-Арык айылынын бүткөн жеринин бир аз түндүк жагында, мамлекеттик резиденцияга жакыныраак жерге чоң короосу менен ошол учурдун өзүнчө бир керемети болгон дача-үй салган.

Бул үйгө 1968-жылы август айынын аягында, 1-курска өткөндө көчүп кирдик. Чыгарма жазчу өзүнчө атайын кабинет бөлмөсү бар болчу. Китеп текчелерде дүйнөлүк адабият классиктеринин чыгармалары толуп турчу.

Маселен, кечки саат онбирлерде кабинетине иштөө үчүн кирип кетсе, таңкы бештерде уктоочу бөлмөсүнө эс алганы жатчу. Себеби кызматка да барыш керек да. Эртең менен кичинекей таекелерим Санжар, Аскар мектепке жөнөйбүз деп, байкабай калдыр-шалдыр басышса, Керез таяжеңем балдарга, мага кайрылып: “Акырын болгула, тиги жакта киши уктап жатат, кеч жатты эс алсын” деп аяр мамиле жасап, өзү кызматка кеткенче тамактарын даярдап кетчү.

Дем алыш күндөрү таажеңеме жардам берейин деп чоң дачаны жууп тазалап экөөлөп жыйначубуз. Тайекемдин кабинетине кирип, жазуу столдорунун чаңдарын сүртүп, жазылган чыгармаларынын барактарын көрчүмүн, арасында чийилгени бар, клей менен чапталганы, сызылган жерлери, кесилгендери, оңдолгондору көп болоор эле. Жазып жаткан учурларда тамекини көп чегер эле, анан эле Керез таажеңем, “Чыңгыз сен тамекини көп колдонуп жатасың, зыян экенин өзүң деле түшүнүп турасың, азайт” деп кейип калчу. Столдун үстүндөгү чаңды сүртүп пепельницаны тазалап жатып эки көзүм тайкемдин барактарына түшчү. Эмне деген чыгарма жазып жатат, мен үчүн өтө кызык болчу. Тайкем жоктон пайдаланып калчумун. Бир жолу жазуу столунун үстүндөгү чаңды сүртөйүн деп барактын эң башындагы “Пегий пёс, бегущий краем моря” деген теманы окуп калдым. Жанталашып 5–6 бетин барактай салганымда көзүмө Эмрайин, Кириск, Ак-Мылгун сыяктуу адам аттары уруна калды. Ошондон өтө көп өтпөй “Пегий пёс, бегущий краем моря” деген шедевр повести жарык көрдү. Чыгармаларын кол жазма түрүндө жазчу. Кээбир чыгармачыл адамдарга окшоп, машинкада жазганды билчү эмес. Ал мезгилдерде компьютер деген кайда? Мен бир эле көрүнүштү айттым.

Азыр ойлосом тайкемдин дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгармаларынын көпчүлүгү өз мээнети, маңдай тери менен салган Чоң-Арык айылынын аягындагы куттуу дача үйүндө жаралыптыр. Кээ бир чыгармалары китеп болуп чыкканда бул мага тааныш, столунун үстүнөн кол жазмасынан кээ бир жерлерин окуп алгам деп кудуңдап калаар элем өзүмчө!

Гүлжамал Досалиева, жээни

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: