Бүгүн, 15-декабрда Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, кечээ, 14-декабрда өткөн Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы үчүн министрди ордунан тургузуп, уяткарган. Мындан тышкары, президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, Ж. Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин билдирген.
Эскерте кетсек, 5-декабрда Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ