Menu

Кеңешбек Дүйшөбаев, генерал: “Сооронбай Жээнбековдун кудайдын алдында да, элдин алдында таза экенине эл ишенет, Атамбаевди, Ниязовду, Илмияновду жоопко тартыш керек”

Бөлүшүү:

“Атамбаев бир нерсени сүйлөрдө терең ойлонуп, анализ жасап сүйлөбөйт. Азыр президенттик шайлоонун каржы маселеси боюнча маселени көтөрүп чыкпадыбы, “кара касса” дегенди”, – деп билдирди кечээ, 15-декабрда УКМКнын экс-төрагасы, генерал Кеңешбек Дүйшөбаев “5-каналдын” журналисти Нарын Айыптын суроосуна жооп берип жатып.

“Эсиңиздерде болсо былтыркы президенттик шайлоодон кийин Атамбаев “Орто Азияда мурда болуп көрбөгөндөй таза, ачык-айкын, туура президенттик шайлоо болду, баары мыйзамдын чегинде болду” деп айткан. Ал эми бүгүн “Сооронбай Жээнбеков мыйзамсыз келди, момундай мыйзамдарды бузуптур, туура эмес иштерди жасаптыр, мунун жоопкерчилигин караш керек, керек болсо шайлоонун мыйзамдуулугу боюнча маселени көтөрүш керек” деп жатат. Ошондо Атамбаевдин кайсы сөзүнө ишенебиз, биринчи айтканынабы же экинчи айтканынабы? Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын уюштуруу иштерин бүт, дегеле штабды Атамбаевдин кишилери Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмиянов башкарбады беле. Алар Атамбаевдин көздөй көргөн кишилери. Алар бүт иштерди Жээнбеков менен эмес, Атамбаев менен акылдашып жасап турушкан. Буга ким ишенбейт, чынбы? Биз билебиз, Атамбаев Жээнбековго “сенин ишиң эл менен барып жолук, сүйлөш, калган маселелер боюнча башың оорубасын, финансынын баарын, каражаттардын баарын мына биз чечебиз, мобу эки жигит чечет” деп ортосунан чийип, аны бөлүп коюшкан. Ал эми азыр саясый ситуация өзгөргөндөн кийин эмне менен болсо да Сооронбай Жээнбековдун легитимдүүлүгүнө шек келтирип, өзүнүн кызыкчылыгын алдыга коюп, өзүнүн бийлигин, командасын сактап калууга болгон аракеттеринин баарын жумшап жатат. Ошондуктан Сооронбай Жээнбеков “кара кассаны”  текшергенден тартынбаш керек, коркпош керек. Анткени Сооронбай Жээнбековдун кудайдын алдында да, элдин алдында таза экенине эл да ишенет бүгүнкү күнү. Бүт баарын текшертип, Атамбаевден баштап, Фарид Ниязов, Илмияновдун бүт баарынын жоопкерчилигин карап, жоопко тартууну ачык коюш керек”, – деди Кеңешбек Дүйшөбаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: