Menu

Жол коопсуздугу боюнча бир аптада 17 миң 822 эреже бузуу катталды

Бөлүшүү:

 2018-жылдын 7-декабрынан 13-декабрына чейин Кыргызстанда алкоголь ичимдиктерин ичип алып машина айдаган 237 айдоочу кармалып, 2 миң 916  айдоочуга жол белгилеринин талаптарын сактабагандыгы үчүн айып пул салынган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан ушул бир аптанын ичинде жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу жалпысынан 17 миң 822 эреже бузуу катталган. Алардын ичинен:

-418 айдоочунун светофордун “кызыл” жангандыгына карабай өткөндүгү;
– 1 миң 505 айдоочунун транспортту белгиленген ылдамдыктан ашыра айдагандыгы;
– 1 миң 351 айдоочунун транспортту жарык жана белги берүүчү каражаттары жараксыз абалда айдагандыгы;
– 1 миң 587 айдоочунун жолдогу башка машиналарга тоскоолдук жараткандыгы;
– 4 миң 786 айдоочунун коопсуздук курун тартынбастан машина айдагандыгы;
– 49 айдоочунун машинасынын маңдайкы жана капталдагы айнектерин караңгылатып алгандыгы;
– 3 миң 353 айдоочунун машина айдап баратып телефон колдонгондугу  аныкталган.

Андан сырткары, жалпы 811 машина айып токтотмосуна киргизилип, токтотулган.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: