Menu

Дарья Маслова -“Кыргызстандын 2018-жылдагы мыкты спортчу айымы”

Бөлүшүү:

КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жеңил атлетчи Дарья Маслованы “Кыргызстандын 2018-жылдагы мыкты спортчу айымы” деп атады.

Кыргызстандын намысын коргогон жөө күлүк Дарья Маслова бул жылы 4 алтын жана бирден күмүш, коло медалдарды тагынган. Баарынан анын Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарындагы ийгилиги өзгөчө: анда ал 10000 метрге чуркоодон биринчи болуп, алтын алса, 5000 метрге чуркоодон күмүш медалга жеткен.

Ал эми, күлүк кыздын жеке машыктыруучусу Татьяна Борисова “2018-жылдын мыкты машыктыруучусу” деп табылды.

15-декабрда Бишкекте өткөн сыйлык тапшыруу аземине жакында эле турмушка чыккан Дарья Маслова өзү катышкан жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: