Menu

Токмоктогу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде 50 орундук имарат ишке берилди

Бөлүшүү:
Токмок  психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде 196 өзүн-өзүн камсыз кыла албаган өтө оор абалдагы шал оорусу менен ооруган адамдар мамлекеттин камкордугуна алынган.
Кечээ, 16-декабрда аталган мекемеде 50 орундук жаңы имараттын курулуш иши аяктап, колдонууга берилди.
Иш чарага Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана курулуштун демөөрчүсү   “Ас Сафа” кайрымдуулук фондунун өкүлү Мухаммад  Абдуррохман Аль Шайа катышты.
Токмок психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин имараттары 1930-жылы курулуп,  убагында аскердик оорукана болгон. Имараттын эскилигине байланыштуу министрлик жаңылоо боюнча демөөрчүлөрдү тартып, бир топ алгылыктуу иштерди алып барып жатат.
50 орундуу имарат “Ас Сафа” фонду тарабынан толук курулуп, керектүү эмерек жабдыктар менен камсыздандырылды.
Ачылыш аземинде, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө ыраазычылык сөзүн айтты:
“Соопчулук кылган демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем. Бул жердеги имараттардын курулганына бир кылымга чукул убакыт өтүптүр. Сиздер курган имарат дагы көп жылдар элге кызмат кылып, дайым жакшы эскерүүдө болот”,- деди министр.
Сөзүнүн соңунда министр Улукбек Кочкоров “Ас Сафа” кайрымдуулук фондунун өкүлүнө министрликтин Ардак грамотасын тапшырды.
Буга чейин,  “Жароокер” кайрымдуулук фондунун жардамы менен аталган мекемеде 80 орундуу жаңы ашкананын имараты  ишке берилген болчу.
Имараттын ачылыш аземинен кийин, министр жалпы абал менен  таанышып чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: