Азыр Швецияда жашаган атактуу азербейжан ырчысы Араз Элсестин Кыргызстанда тартылган жаңы клиби чыкты. Клип Ысык-Көлдө, Чүйдө тартылган. Ыры “Чабан кызы” деп аталат. Клиптин авторлору да кыргыздар. Режиссеру Айтбек Орозбеков. Башкы ролдорду Айыма Деркембаева менен Нурпери Нарынбекова аткарган.
Атактуу ырчынын Ала-Тоо менен чыгармачылык байланышынын өзүнчө себеби бар. Араз Кыргызстанды жалпы түрк элдеринин түпкү мекени деп эсептеп, ар дайым: “Биздин ата-бабаларыбыз ушул аймактан дүйнөгө тараган” деп айтып жүрөт. Ошондуктан, кыргыз жерине байма-бай келип, жаратылышынын кооздугуна суктанып эле тим болбой, өз чыгармалары аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө даңазалагысы келет.
Эске салсак, ал 2017-жылы сөзү да, обону да ошол учурдагы Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевге таандык “Кыргызстаным” деген ырды аткарып, Кыргызстанда клип тарттырган. Келерки жылы өзүнүн “Жылкылар” деген ырына да кыргыз жеринде клип тарттырууну пландаштырууда.
Араз Элсес 1971-жылы Иранда туулган. Кийин Европага көчүп кеткен. Ал Түркияда, Иранда, Азербейжанда өзгөчө популярдуу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ