Menu

“Коопсуз шаар” долбоору. Жабдуулардын алгачкы партиясы келди

Бөлүшүү:

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча жабдуулардын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу  Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

Анын айтымында, радио курулуш боюнча «Вега» концерни жабдууларды 25-декабрга чейин алып келиши керек.  Алгачкы партиясы келди. «Жабдуулардын келиши жана инфраструктура менен металл конструкцияларынын даяр болушу менен монтаж башталат. Жумуштар график боюнча жүрүүдө,» – деди Кубаныч Шатемиров.

Биринчи этаптын алкагында «Вега» 10 кесилиш үчүн камераларды, 17 ылдамдык өтмөктү жана 10 көчмө комплекстерди алып келди.

Мамлекеттик маалымат технологиялар жана байланыш комитети «Вега» радио курулуш концерни менен «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын жүргүзүү боюнча келишим түзгөн. Аталган ишкана тендерди утуп алган.

Биринчи лот боюнча ишкана 1,125 миллиард сом сунуштаган, экинчиси боюнча 1,195 миллиард сом сунуштаган.

Эреже бузууларды жаздыруучу камералар менен 38 кесилишти жана 52 стационардык өтмөктөрдү касыздоо пландалууда.

Булак:KyrgyzToda

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: