Бүгүн, 17-декабрда Бишкекте маршруттук такси менен Mazda унаасы кагылышып, натыйжасында эки адам жабыркады. Бул тууралуу Шаардык жол коопсуздугун камсыздоо кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, окуя саат 14.00 чамасында Абдыраев көчөсүндө болгон.
“Жол кырсыктын натыйжасында эки адам- аял жана киичинекей бала жабыркаган. Алар жеңил жаракат менен ооруканага жеткирилген. Эки унаа тең айып токтотмого коюлган. Иштин материалдары Бишкектин ШИИБне өткөрүлдү” – деп айтылат маалыматта
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ