Menu

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жалал-Абадга иш сапары менен барды

Бөлүшүү:

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жалал-Абад облусуна болгон  иш-сапарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузууларды жана  кылмыштуулукту алдын алуу боюнча уштуруучулук ишти текшерип, бардык бөлүмдөрдүн кызматтык тапшырмаларды аткаруусун жана жер-жерлерде кызмат өтөө шарттары менен таанышып чыкты. Бул тууралу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Текшерүү учурунда ИИМдин башчысы өзгөчө соттук-укуктук реформанын  алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча аймактагы  ички иштер органдарынын даярдыгына өзгөчө көңүл бурду. Эске салабыз, Кыргыз Республикасынын кылмыштар боюнча ченемдик-укуктук актыларына  өзгөрүүлөр кирип жатат. Жакында Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексин,  Жоруктар жөнүндөгү кодексин, Кылмыш-процесстик кодексин, Жазык-аткаруу   кодексин, Бузуулар жөнүндөгү кодексин, андан сырткары “Пробация жөнүндөгү”, “Мунапыстын негиздери жана аны колдонуунун тартиби тууралуу”  Мыйзамдарды терең изилдөө жана  ишке ашыруу максатында ички иштер  органдарынын өздүк курамына  семинар, тренингдерди камтыган масштабдуу  окутуулар өткөрүлгөн.
Жаңы Кодекстер менен Мыйзамдар соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл  алынып, биздин өлкөнүн кылмыш тутумунда олуттуу өзгөрүүлөр болгону жатат.

Жалал-Абад ОИИБи менен Жалал-Абад ШИИБде ички иштер министри өздүк  курамды жаңы күчүнө кирип жаткан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза  кодекси менен Кылмыш-процесстик кодекстин нормалары менен жоболорун  билүүлөрүн  текшерди. Ошондой эле Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү каттоону, андан сырткары Бузууларды бирдиктүү каттоону толук ишке киргизүү үчүн техникалык жабдылышы боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурду. Сузак РИИБде Кашкар Джунушалиев кызматкерлердин кодекстер менен мыйзамдарды билүү деңгээлин текшерип, аларды окутуу жана аймактык бөлүмдөрдүн техникалык жабдылышы боюнча маселелерге токтолду. Өздүк курам менен жолугушуунун жүрүшүндө ИИМдин башчысы  кол алдындагы кызматкерлердин өзүнүн кызматтык милдеттерине ак ниеттүүлүк менен мамиле кылып, тапшырылган иштерди  жоопкерчиликтүү аткарууну талап кылуу менен кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту сактап, кызматтык тартипти  бузбоолорун айтты.

Жаңы күчүнө кирип жаткан кодекстер менен мыйзамдарга байланыштуу ички иштер органдарынын алдында аларды ишке киргизүү боюнча негизги жоопкерчилик жатат. Ченемдик-укуктук актыларга жаңылык киргизүү  экономикалык, социалдык, маданий, жарандык жана саясий укуктарды колдонууда жарандардын тартиби менен коопсуздугу  тиешелүү шарттарда камсыздалат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: