Menu

ИИМ: Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Терек-Сай айылынын кармалган жашоочуларынын туугандары менен жолукту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-декабрда күнү КР ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Чаткал районунун Терек-Сай айылынын кармалган жашоочуларынын туугандары менен жолукту. Жолугушуу Жалал-Абад облусунун ИИБнын имаратында өтүп, ага облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов, Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев жана Терек-Сай айылынын өкмөтүнүн башчысы, кармалгандардын туугандары катышышты. Бул тууралу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жжунушалиев бир катар уюштуруучулук иш-чараларды пландоонун алкагында иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймагына барды. Жалал-Абад облусунда Терек-Сай айылынын кармалган жашоочуларынын туугандары министрдин келгенин угуп, жолугушууну уюштуруп берүүнү суранышкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн башчысы менен кармалгандардын туугандары кармалгандарга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүлөрүн суранышып, кармалгандар жаштыгы жана мыйзамды билбегендеринин айынын мыйзымды бугандарын белгилешти. Андан сырткары, кармалгандардын арасында мурда инвесторлорду колдоп, ишкерлик менен алектенишип, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзгөндөр дагы бар экендигин билдиришти.
Ал эми Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев, окуя болгондон кийин милиция менен биргеликте жергиликтүү тургундар арасында бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана ага дагы кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүлөрүн сурап кайрылышкандарын айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев кармалгандардын туугандарынын кайрылууларын угуп, бардыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чечилүүгө тийиш жана баш коргоо чарасы сот тарабынан чечилээрин билдирди. Ошондой эле Терек-Сай айылынын жашоочуларынын кайрылуулары мыйзамдын негизинде каралаарын белгиледи.
Эскертебиз, 2018-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда Чаткал районунун Терек-сай айылынын 15 жергиликтүү тургуну милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан. Ошол учурда өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан.
2018-жылдын 6-ноябрь күнү аталган факты боюнча Ала-Бука РИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (Бейбаштык) жана 341-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-иликтенген иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан бардык 15 жарандын өздүгү такталып, козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышкан. 2018-жылдын 4-декабрь күнү Терек-сай айлынын 15 тургунуна карата сот тарабынан тергөө абагына 6 жаранга 2 айга, 9 жаранга 1 айга камакка алуу чечими чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: