Түркмениянын президенти Гурбангулы Бердымухамедов дем алыш күндөрү Ашхабаддагы Олимпиадалык шаарчага барып, спорттук чиновниктер менен жолугуп, алар менен бирге таңкы гимнастика жасаган. Ал жерде түркмөн өкмөтүнүн мүчөлөрү, Ашхабаддын акими жана спорт чөйрөсүнүн жетекчилери болгон. Бердымухамедов спорт чиновниктерин түркмөн спортсмендеринин эл аралык мелдештердеги начар көрсөткүчтөрү үчүн сындаган. Быйыл Ашхабадда 10-ноябрда аяктаган штангачылардын дүйнөлүк чемпионатында Түркмөнстан 16-орунду гана ээлеген.
Андан кийин Гурбангулы Бердымухамедов чиновниктер менен боулинг ойноп, баарын жеңип, тренажердук залда спорттун башка түрлөрү боюнча да өзүнүн шамдагайлыгын жана күч мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн.
Кыргызчалаган: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ