Кечээ, 17-декабрь күнү түштөн кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Жеңиш Ногойбаев транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Жеңиш Ногойбаев аталган министрликтин өз адамы. Ал 2018-жылдын 14-февралынан бери транспорт жана жолдор министринин орунбасары кызматын аткарып келген.
15-февралда мурдагы министр Жамшитбек Калилов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Анын бул чечимине дагы бир орун басары Азимкан Жусубалиевдин пара менен кармалышы себеп болгон.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ