Menu

АШАнын “жылуу” сөзүнө алданган Бабанов туңгуюкка кептелбейби?

Бөлүшүү:

Жаңы жылга чейин, тагыраак айтсак, кийинки жумаларда Өмүрбек Бабанов өлкөгө келе тургандыгы боюнча күбүр-шыбыр кептер күчөдү. Келе тургандыгы анык болуп калды деп кесе айтсак деле жаңылбайт окшойбуз, анткени бир нече өздүк булактар дагы тастыктады. Албетте, биз деле Өмүрбек Бабановго карата эч кандай жаман ниетибиз же кастыгыбыз жок, чырмалышып калган маселени мыйзам алкагында чечип алып, арабызга кошулса деген тилекте жүрөбүз.

Бирок, бир жылдан бери четте жүргөн Бабанов чукул бурулуш жасап, шашылыш түрдө мекенине кайтууга бел байлаганына шектенип турабыз. Маалыматтарга караганда Өмүрбек Токтогулович «экс-ажонун» көшөгө артындагы убадаларына азгырылып, ошол эле учурда тобокелчиликке салып кескин кадамдарды таштаганга аракеттенгени байкалууда. Тарапташтары да жөн олтурбай «Бабанов келиш керек» деп шыкактап турган кез. Бул өтө терең ойлоно турган маселе. Себеби, мунун арты жакшылык менен бүтөбү, эки дөөнүн кагышынан эл менен мамлекет жапа чекпейби деген чон суроо турат. Бул биринчи жагы.

Экинчи жагы, кокустан эле Бабанов «ураа-ураа» менен келе турган болсо аны чек арадан «үч тамга» тосуп алаарын бөркүнүздөй ишениниз. Баягы «шыкакчы» тарапташтарына ишенип келип, камалып калган Садыр Жапаровдун тагдыры буга мисал. Бабановдун тагдыры Садыр Жапаровдукундай болуп калбайт деп ким кепилдик берет? Аны дагы колтугуна суу бүрккөн жан-жөкөрлөрү тынч жаткырбай миңдеген эл чыгарын айтып чакырып, аягында мамлекеттик машинанын чеңгелине салып берген. Азыр эки көзүн жалдыратып темир тор артында жатат. Бабанов дагы эртең ошол тагдырды башына кийбейт деп ким кепилдик бере алат? Андыктан, Токтогулович терең ойлонсо деген ойду айткыбыз келди.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: