Menu

Тариел Жоробеков, ЖКнын депутаты: “Пара берген эмесмин, албайм дагы”

Бөлүшүү:

Биз маектешчү депутат парламентке жаңы гана келди. Саясый чөйрөгө көп аралаша элек. Андыктан эл өкүлү менен жөнөкөй суроолор боюнча пикир алыштык.

—Тариел Улукбекович, маегибизди эң ыйык делген үй-бүлөңүздөн баштайлы. Үйдө кандай атасыз?

—Өзүмдүн эки уул, эки кызым бар. Баардыгы жогорку билимдүү, улуусу үйлөндү, эки неберем бар. Калгандары өзүнүн кесиби менен иштеп жатышат.

—Кээде айылга жол түшүп калганда чөп чаап, чалгы чыңайсызбы?

—Бүгүнкү күндө андай иштерге таптакыр убакытым жок. Бирок айыл жеринде өскөн жаран катары кара жумушту жакшы эле жасайм.

—Кой кайтарган күндөрдү азыр деле эңсейсизби?

—Туулуп өскөн жериңе барып балалыгыңды эскерген кандай сонун. Убагында койду көп эле кайтаргам, таза аба, колуңда китеп, эң сонун убак эле да.

—Апаңыздын кайсыл тамактарын сагындыңыз?

—Апам казанга нан жапчу эле. Казан көмөч деп атайын чокко бышырган нандын даамдуу жыты алыстан келип турчу. Жаңы тартылган сүттүн каймагы менен жогорудагыдай нан жесең, башка тамактын зарылдыгы деле жок болот.

—Ачууңуз чукулбу?

—Токтоолук кылганга аракет жасайм.

—Көп кечигесизби же таксызбы? 

—Мен принципке турган адаммын. Андыктан эч качан кечикпеймин.

—Мал жандуу кыргызсызбы?

—Ооба, анткени өзүм мал доктурмун.

—Пара бергенсизби же алгансызбы?

—Берген да, алган да эмесмин. Ушундай суроолор туура эмес. Кудай астында айтам.

—Акчага кандайсыз, берешенсизби?

—Акчаны канчалык кыйынчылык менен тапсаң, берекеси ошончолук болот. Ушул принципти карманам.

—Жеңебиз үйдө «биздин үйдө эркек жок, балта бычак курчутулбайт» деп нааразы боло элекпи?

—Антип эч качан мага капа болбойт, анткени мен өз милдеттеримди толук аткарам. Бычак-балта курчутулуу.

—Бак тигип, кыйыштыруу колуңуздан келеби?

—Үйдө атам тигип кеткен дарактарды көзүмдүн карегиндей сактайм. Өзүм тиккен, жалпы үй-бүлөбүз ме-нен тилек кылып олтургузган дарактарды сөзсүз кыйыштырып карайм.

—Галстук байланган жактыбы?

—Канчалык элдин көзөмөлүндө болуп, жөнөкөй болсоң жоопкерчилик ошончолук чоң болот. Ошондуктан галстук байланбай жөнөкөй болуп жүрүүгө аракет жасайм.

—Спорт менен мамилеңиз кандай?

—Мектепте эле спорт сектору болуп иштечүмүн. Кийин институтта волейбол, баскетбол боюнча курама командаларда ойнодум. Андан кийин жумушка ден соолукка байланыштуу спорт менен коштошууга туура келген.

—Китеп окуйсузбу?

—Бош убакыт болуп калганда биздин улуу жазуучуларыбыздын чыгармаларын окуп чыгам. Өзгөчө Чыңгыз Айтматов менен Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларын кайталап окуп турам.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: