Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Мамлекеттин миграциялык саясаты жарандарыбыздын турмушун жакшыртууга, айрыкча балдардын кызыкчылыктарын коргоого багытталууга тийиш”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Мигранттардын эл аралык  күнүнө карата кайрылуусун президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялады.

«Урматтуу мекендештер!

Бүгүн дүйнө коомчулугу өз эмгеги менен чет өлкөдө эмгектенип, үй-бүлөсүнө жакшы турмуш шарттарын түзүүгө умтулгандардын күнүн белгилеп жатат.

Чет мамлекеттерде иштеп жаткан мекендештерибиздин эмгегин биз жогору баалайбыз. Алар — Кыргызстанда маанилүү социалдык долбоорлорду ишке ашырып жаткан экономикалык инвесторлор.

Кыргыз Республикасынын миграциялык саясаты жарандарыбыздын турмушун жакшыртууга, айрыкча үй-бүлөнүн камкордугунда тарбиялана турган балдардын кызыкчылыктарын коргоого багытталууга тийиш.

Биз ар бир региондо татыктуу жумушчу орундарын түзүүгө милдеттүүбүз. Миграция иштеп табуунун негизги булагы болбошу керек, жаңы билим, тажрыйба жана көндүм алуунун мүмкүнчүлүгү болгону оң.

Быйыл IV „Мекендештер“ форуму өткөрүлдү. Өлкөбүздүн Президентинин алдында чет мамлекеттердеги мекендештерибиз менен байланыш боюнча Кеңеш түзүлдү. Анын милдети — мамлекеттик бийлик органдары менен мекендештерибиздин ортосунда натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу, чет өлкөлөрдөгү мигранттарды колдоо, алардын укуктарын жана  кызыкчылыктарын коргоо.

Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясында чет мамлекеттердеги мекендештерибизге колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик саясатты калыптандыруу, аларды Мекенине кайра кайтып келиши үчүн шарт түзүү милдети каралган.

Мамлекетибиз бул багытта жигердүү иштерди улантып, мекендештерибиздин кайтып келиши үчүн таасирдүү чараларды көрөт. Балдарыбыз, алардын келечеги тууралуу биздин жоопкерчилигибиз, Мекен алдында милдетибиз мына ушунда.

Сиздерге, үй-бүлөңүздөргө жана балдарыңыздарга чың ден-соолук, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм.»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: