Menu

“Апрель баатырларынын” Алмазбек Атамбаевге бир гана суроосу бар: алар эмне үчүн өмүрүн сайган?

Бөлүшүү:

Өткөн ноябрь айынын аягында 2010-жылкы Апрель элдик  төңкөрүшүнө катышып,  курман болгондордун жакындары, туугандары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы “хан-сарайынын” алдында митинг өткөрүшкөн.

“Апрель баатырлары” коомдук уюмунун башчысы Марат Мамбетовдун айтымына караганда, митингге чогулгандар экс-президенттин ишмердигине өтө нааразы болгондуктан улам ушундай саясий акция жасоого аргасыз болушкан.

“Атамбаевдин үйүнүн жанына чогулгандагы бизди кызыктырган нерсе – “Апрель баатырлары эмне үчүн курман болушкан?” деген бир гана суроого жооп алуу болду”,-  дейт М.Мамбетов.

Апрель окуясынын катышуучусу, маркум Алмазбек Абдразаковдун жесири, “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун теңтөрайымы Гульмира Абдылдаева  ал митингди колдогондугун төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

– Мен дагы ал акцияга катышайын деп ниеттендим  эле, бирок катыша албай калдым. Ошентсе да, митингге чыккандарды чын дилимден колдойм. Атамбаев жана анын командасы элге өтө көп нерселерди убада кылган. Бирок, ал убаданын бирөөнү дагы аткарган жок. Тескерисинче, өздөрү мурдагылардан өтүп, мамлекет байлыгын уурдашты.  Өздөрү гана байыды. Биздин аталарыбыз, күйөөлөрүбүз жана балдарыбыз ошол үчүн өмүрүнөн ажырады беле?! Адамдардын өмүрү менен ойноп, байыгандарга каршы ушундай митинг дагы өтсө, ага сөзсүз катышам.

Мындан тышкары, ал снайперлер (көзгө атар мергендер) тууралуу да эске сала: “Азимбек Бекназаров жалданма снайперлер тууралуу эчен жолу айтпадыбы… Ошолорду дагы өлкөдөн атайылап чыгарып жиберишкен. Жалгыз Суталиновдон башка эч ким жазаланган жок”, – деди Г.Абдылдаева.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: