Menu

Назым Меңдебаиров, актёр: “Актёр акча үчүн иштебейт”

Бөлүшүү:

Кыргыз актёрлорунун арасында өзүнүн өзгөчө таланты менен айрымаланган Назым Меңдебаировду ким билбесин. Кечээ жакында улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Кылым карытаар бир күн» чыгармасын спектакль кылып чыгарды. Аз адам барып, театрга киши каттабай калган заманда актёрдун чыгармачылыгын баалап баргандар залга батпай турду.

Бул абдан чоң жетишкендик. Актёрдун чыгармачылыгы, спектаклдер, ал иштеген мекемедеги интригалар тууралуу маек курдук.

—Назым мырза, «Кылым карытаар бир күн» спектаклин канча убакытта даярдап бүттүңүз?

—«Кылым карытаар бир күн» спектаклинин даярдануу мөөнөтү узак болду. 2 жыл мурда даярданып баштагам. Тыгыз даярдык 6 ай жүрдү. Ал эми даярдануулар болсо 3 айга созулду. Чоң чыгарма үчүн бул убакыт дагы бир аз азыраак.

—Директорлуктан бошогондон кийин убактыңыз ишке көбүрөөк артып жатат окшойт. Кызматты тапшырып коюп өкүнгөн жоксузбу?

—Туура айтасыз, убактым туура көп болуп калды. Бирок тирилик да, дагы эле убакыт аз. Кызматтан кеткениме таптакыр өкүнгөн жокмун. Мен балким иштей деле бермекмин, бирок чынында чыгармачылык артка жыла түшөт экен.

—Темирлан Сманбеков жакында эле өзүнүн маегинде «театр үч төрткө бөлүнүп, кашасы чыкты» дептир. Бул чынбы?

—Темирлан байкени өтө сыйлайм. Балким мен театрда байкабаган нерсени ал байкагандыр. Мен байкаган жокмун, мурда кандай болсо, дале ошондой. Интрига, трайбализм жок Кыргызстанда бир да мекеме жок болсо керек. Болсо айткылачы.

—Бир спектакль жок дегенде 100 000 сом турат дешет. Сиз койгон спектаклдерге ким демөөрчү болуп жатат?

—Театр мамлекеттики, өзү каржылайт, аны билесиздер. Бирок азыркы чыккан спектаклдерди кыргыз драма театры өзү каражат таап чыгарып жатат. Изденип аракеттенип жатабыз.

—Маркум досуңуздар Марат Козукеевдин жаркын элесине арнап качан маданий иш чараларды өткөрөсүздөр?

—Мараттын арбагына арнап иш чара өткөрдүк. Тоодой-таштай болгон досубуздан айрылып калганыбызга туптуура бир жыл болуптур. Кантели, ажал улук турбайбы. Ал тирүү болгондо дагы далай укмуш чыгармалар жаралат беле деп ойлоп ичим ачышат.

—Үй-бүлөсүнөн кабар алып жатасыздарбы?

—Албетте, биз эми чогуу иштейбиз, дайыма чогуу жүрөбүз. Мараттын агалары менен телефон чалышып турабыз.

—Театр кызматкерлери айлыгыбыз аз деген сөздү өтө көп айтышчу. Көбөйдүбү?

—Айлыгыбыз өкмөт өзү убадалагандай 100% көтөрүлүп, жыргап эле калдык. Жаңы келип иштеп жаткандарга, анан бир жерде эмес 3-4 жерде иштеген актёрлор үчүн абдан жакшы болду. Бирок пенде дайыма жетпейт эмеспи. Айлыгым жакшы эле, Кудайга шүгүр келтирем. Азыр суммасын айтсам акчасы көптөр укса «иий байкуш ушуга көбөйдү деп сүйүнүп атабы» дебесин. Театр актерлор айлык үчүн эмес, жан дүйнөсү үчүн кызмат кылат. Бул менин жеке оюм.

—Келе жаткан жылы спектакль менен канча өлкөгө баралы деп жатасыздар?

—Казакстан менен Түркияга чакырууларды алганбыз. Буюрса дагы чакыруулар болот. Биздин театрда эң мыкты актёрлор иштейт. Андыктан Эл аралык иш чараларга сөзсүз катышып, байгелүү орундарды алып турабыз.

—Дем театрынын күйөрмандарын кубандырып эми качан концерт коёсуздар?

—Жыл сайын айымдардын майрамы 8-мартта күйөрмандарыбызга майрамдык концерт коёбуз. Быйыл дагы дал ушул күнү концерт беребиз. Башка күнү концерт берсек кызыктай сезимде боло беребиз, ушул күнгө көнүп деле бүттүк.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: