Menu

«Ак-Ордо» жаңы конушунун Тагай бий көчөсүндөгү сейил бактын эскиздик долбоорунун презентациясы өттү

Бөлүшүү:
Бул долбоор БШКнын депутаты Базарбек Абдраевдин демилгеси менен иштелип чыккан.
Иш-чара «Бишкекбашкыархитектура» МИнин жыйындар залында өтүп, анда БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров, БШКнын туруктуу комиссияларынын төрагалары, Бишкек шаарынын мэрисынын вице мэри Рыспек Сарпашев, Бишкек шаарынын башкы архитектору Асхат Тулебердиев, шаардык кызматтардын жана Ленин районунун малаа башчылары катышты.
Эскиздик долбоорду талкуулоодо бардык тараптын сын-пикирлери жана сунуштары каралды. Сейил бактын долбоорун иштеп чыгууда: бак-дарактарды сугаруу, видеокөзөмөлдү орнотуу, балдар аянтчасын кошо салып кетүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу сунушталды.
Ɵз сөзүндө, БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров «Бул сейил бактын долбоорун ишке ашырууда, шаардык кызматтар жана башкармалыктар ортосундагы иш-аракеттери, Бишкек шаарынын мэриясы тараптан катуу көзөмөлгө алынышы керек», — деди.
«Жашыл чарба» МИси бирдиктүү заказчик болуп, ал эми долбоорду ишке ашырууда жалпы көзөмөлдөө Ленин районунун башчысына тапшырылды.
«Ооба, бул сейил бак боюнча демилгени мен көтөргөм, бирок, бул, биздин балдарга жана шаар тургундарына арналган бардыгыбыздын бирдиктүү долбоорубуз. Бул долбоорду иштеп чыгууда ар бирибиз өз салымыбызды кошуп жатабыз», деп Базарбек Кошоев белгилеп, катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: