“Республика – Ата-Журт” фракциясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулудан Орусиянын жарандыгы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда АКИpress маалымат агенттиги өздүк булактарын таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиядан Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына депутат 2007-жылы Орусиянын жарандыгын алгандыгы жана 2018-жылдын 15-октябрындагы маалымат боюнча анын жарандыктан чыккандыгы тууралуу маалымат жок.
Бишкек шаарынын аймактык комиссиясынан бул маалыматты тастыкташып, учурда тактоо иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.
Ал эми, депутаттын өзүнө кабарлашканда ал бул маалыматты четке кагып, паспортту жасап коюшкан болушу мүмкүн деген.
“Бул маселе боюнча мени Бишкек шаарынын аймактык комиссиясына чакырышып, сырдык сөздү өтүнүшүп, кол коюмду суранышты. Ошондой эле, алар Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутького да кол коюну өтүнүшүп, суроо жөнөтүшкөндө Коргонбай уулу Жусупбек жарандык алуу үчүн эч качан кайрылган эместиги белгилүү болду. Мен 2003-2006-жылдары эмгек мигранты болгом, бул нерсени жашырбайм”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ