Menu

Депутат экс-президент менен азыркы президентти элдешүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Зарылбек Рысалиев президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин элдешүүсү керектигин айтты.

Алгач депутат Алмазбек Атамбаевге кайрылып “мен бул жерге экс-президентти жамандоо үчүн эмес, тескерисинче анын жасаган иштерин белгилеп кетүү үчүн чыктым. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, 2011-жылы сизге элдин 98 пайызы ишенип, президентикке шайлаган. Сиз өлкөнү башкарып турган убагыңызда бир катар масштабдуу иш-чараларды өткөрүп жетиштиңиз. Анын ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын айта кетпесе болбойт. Президенттик тактыны тынчтык жолу менен бердиңиз. Аныңыз эрдик. Бирок эки тизгин, бир чылбырды бербейсизби?”, – деп депутат президенттик убакыт тез өтөөрүн белгилеп, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз биздин Манасыбызсыз. Бирок бул бар болгону 6 жылга гана. Сиз бүгүн жакшы иштерди баштап жатасыз, баарына тегиз, түз кароодосуз. Аймактарды өнүктүрүүгө миллиондогон акчаларды бөлдүрүп жатасыз. Бирок кыргыз элине ынтымак керек. Жаңы жылга жаңы кадамдар, жаңы ийгиликтер менен кирбейлиби? Эл башчылары, элди ынтымакка чакыруу сиздердин колуңуздарда. Эл элдешүүңүздөрдү күтүп жатат”, – деди Рысалиев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: