Menu

Президенттин маалымат жыйынына 175 журналист катышат

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы ирет журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүүдө.

Маалыматык саясат бөлүмүнүн маалыматына караганда, жолугушууга 85 массалык маалымат каражаттарынан 175 өкүл келди.

Мында өлкө башчыга кезек менен түз суроо узатуу салты бузулду. Журналисттерге президентке суроо берүү үчүн анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага алдына ала жазылуу сунушталды. Бул ММК өкүлдөрүнүн нааразычылыгын пайда кылды.

Чырдашуудан кийин журналисттер тирүү кезек менен суроо узатаары чечилди.

Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга ошондой эле оппозициялык  басылмалардын өкүлдөрү дагы аккредитацияланган. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматы мамлекет башчы тууралуу жаман жазгандарга уруксат берүүдөн баш тартып келген.

Маалымат жыйын 11.00дө башталат. Сооронбай Жээнбеков саат 12.30га чейин суроолорго жооп берет.  

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: