Menu

Адвокат Ю.Скатневсий: “Генштабдын офицери Уралиевди 3/4 түк килем үчүн атайылап карматышкан”

Бөлүшүү:

Өткөн аптада пара алып жатып кармалды делген Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын коменданттык кызмат бөлүмүнүн начальниги Эрмек Уралиевге байланыштуу иштин айрым жагдайлары белгилүү болду. Ал Генштабга 3/4 өлчөмүндөгү килем сатып алууга байланышкан иштен улам, атайын кармалган.

Ички аскер бөлүктөрүнүн жоокерлеринин “Аскердик бир туугандык” коомдук бирикмесинин өкүлү, аталган кылмыш ишти иликтеген адвокат Юрий Скатневский “Уралиевдин күнөөсү жок, аны жөн гана “подставить” этип коюшкан” деген пикирин айтып эле тим болбой, ал тыянагын фактылар менен бекемдөөгө аракеттенүүдө.

Ю.Скатневскийдин айтымында, иштин баары “Генштабга килем сатып алабыздан” башталган. Генералдык штабга Кытайдан делегация келмек экен. Анан, конок келээрдин алдында имараттын кире беришине төшөлчү килемди жаңылап коюу чечими кабыл алынат. Бул боюнча тендер жарыяланса, конкурстан “Линкор” деген ЖЧК утуп чыгат. Килем үчүн “Линкордун” эсебине 28 400 сом которулат. Бирок, “Линкор” ЖЧКсы акчаны алгандан кийин, өз милдеттенмесине көз жуумп, килемди өз убагында алып келип бербей коёт.

Чет элдик делегация Бишкекке бүгүн-эртең келип калат деген кезде, ¾ өлчөмүндөгу килемди шашылыш түрдө салуу зарылдыгы туулат да, командованиенин оозеки көрсөтмөсү менен “Дордой” базарынан 18 000 сомго килем алынат. Ал эми милдеттенме алган “Линкор” өздөрүнө которулган акчаны кайтарбай туруп алат. Ошондуктан, жок дегенде 18 000 сомду накталай кайтарып турбайсыңабы деп суранууга туура келет. Бирок, “Линкор” ЖЧКсы алган акчасын Генштабга кайтаргандын ордуна, андан жеңил жол издеп, УКМКга кайрылууну ылайык табат. Ошентип, ошол 18 миң сомду алып жаткан кезде Генштабдын офицери кармалат. Кармалган офицер Э.Уралиев эмес, анын орун басары Бектуров болчу. Ошого карабастан, бутага Э.Уралиев илинет.

Дегеле, чарбалык иштер менен алектенүү коменданттык кызмат бөлүмүнүн башчысы Э.Уралиевдин түздөн-туз аткаруучу функционалдык милдеттерине кирбейт. Андай милдеттер анын орун басары Бектуровго жүктөлгөн болчу. Ал эми Уралиев чарбалык иштерде Бектуровго эч кандай конкреттүу көрсөтмө берген эмес.

Скатневскийдин айтымына караганда, Эрмек Уралиев 2018-жылдын 6-декабрынан тарта кезектеги эмгек өргүүсүндө болчу. Ошондуктан, бөлүмдун башчысынын милдетин анын орун басары Бектуров аткарып жаткан.

Эске салсак, Генштабдын коменданттык кызмат бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Бектуров 13-декабрь күнү бирөөлөрдөн 18 миң сом акча алып жаткан учурунда кармалган. Бирок: “Акчаны Э.Уралиевге бермекмин, анын буйругун аткарып жаткамын” деп көрсөтмө бергендиктен, ал коё берилген да, Э.Уралиев кармалган. Жыйынтыгында, УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын материалдары боюнча, Аскер прокуратурасы Э.Уралиевдин үстүнөн кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык, кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иш козгойт. Э.Уралиев эки айлык мөөнөткө камакка алынып, гаупвахтага киргизилген..

Андан тышкары, адвокат Юрий Скатневский Уралиев эмгек өргүүсүнө чейин аскер госпиталында дарыланып чыккандыгын, жүрөк оорусуна байланыштуу учурда дагы дарыланууга муктаждыгын жана анын жашы жете элек төрт баласы бар экендигин да эскертүүдө.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: