Menu

Экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү ачылат

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында “Ата-Мекен” фракциясынын абакта жаткан мурунку лидери Өмүрбек Текебаевтин 60 жылдык урматына сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө мурунку депутаттын жашоо жолун чагылдырган 70 сүрөт көрсөтүлөт. Көргөзмөнүн ачылышы бүгүн, 19-декабрда “Манас” кинотеатрында саат 10:00до болот. Иш-чарага “Ата Мекен” фракциясынын бардык депутаттары катышышат.

Ошондой эле, көргөзмөдө өлкөнүн позитивдүү жана ошол эле учурда драматикалык учурларын көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, учурда Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборунда ден-соолугуна байланыштуу жатат. Ал 13-декабрда №47-абактан ооруканага которулган. Экс-депутат 22-декабрда 60 жашка чыгат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: