Menu

Президент

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-декабрда өтүп жаткан маалымат жыйынында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков анын КСДПнын саясый технологу Алексей Василивецкий менен кандай байланышы бар экенин айтып берди.

“2010-жылы мен Ош облусунун губернатору болуп иштеп жатканда 7-апрель революциясы боюнча маек берип коюңуз деп Алексей Василивецкий деген журналистти жөнөтүшкөн. Ошондо эле мен “муну кайдан тапкансыңар?” деп сурагам”, – деди президент Жээнбеков.

“Ал башка мамлекетин жараны экенин мен билген эмесмин. Ал Фарид Ниязовдун кеңешчиси болчу. Ал жөнүндө ал жакшы адис деп айтышчу. Менин кеңешчилерим аны менен иштешүүдөн баш тартышты. Мен кичине кезимден баштап фермерлер менен иштегем. Эгер ал чындап $170 миң алса, келип жооп берип, түшүнүк кат жазсын. Фарид Ниязов дагы шайлоо штабынын жетекчиси катары жооп бериши керек» – деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал ошондой эле ага каршы провакация даярдалып жатканын кошумчалады. КСДПнын шайлоо алдындагы кара кассасы боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: